"КАДАМ" 4-ПОРТРЕТ
АВАЗ МОМУНАЛИЕВ
БУЛ ЖЕРДЕ БАЙКЕ БОЛГОН
"КАДАМ" 4-ПОРТРЕТ
АВАЗ МОМУНАЛИЕВ
БУЛ ЖЕРДЕ БАЙКЕ БОЛГОН
Бизде артта калып жатабыз деп тынчсызданышат. Бизде кечигип жатабыз деп тынчсызданышбайт. Эң негизгиси, бири-бирине. Белгиленген саатты үч саатка созуп, келишимдерди этибарга албай, адамдарды тирүү кезинде байкаганга үлгүрбөйбүз. Ыраазычылык жана кечиримдүүлүк, "рахмат" жана "кечир" — негизги сөздөр — адамдар кабыл ала албай калган учурда артынан узатышат. Тирүү кезинде айтылчу сөздөрдү көзү өткөн соң. Бизде бардыгы (жомоктон) кийин. Түштөн кийин. Башкача айтканда, өз убагында эмес. Же уйкудан кийин.
Уйку — курчап турган дүйнөнүн таасирине реакциянын төмөндөшү, сергек калуунун антагонисти. Уйкуга кирүү (түш көрүү), элестеткиле, бүтүндөй коом, бүткүл дүйнө менен — бул х-огу боюнча куру идеялар, ал эми у-огу боюнча акталбаган образдар менен башка координаттар системасында бар болуу дегендик. Ойгонуу — бул демек, бири-бирине, байкалбаган каармандарга, көңүл буруу.

Эгер сиз бул баракты көчөдө капкак портреттин алдында туруп ачкан болсоңуз, аны өзүңүзгө сактап алыңыз. Ошентип, сиз текстти толугу менен өзүңүзгө ыңгайлуу шартта окуй аласыз, рахмат.
Эгер сиз бул баракты көчөдө капкак портреттин алдында туруп ачкан болсоңуз, аны өзүңүзгө сактап алыңыз. Ошентип, сиз текстти толугу менен өзүңүзгө ыңгайлуу шартта окуй аласыз, рахмат.
"Жомоктон кийин" — "Ак кеме" (Чыңгыз Айтматов) чыгармасынын биринчи аталышы
Башкы каарман — аты жок бала. Ал ак кемеге балык болуп сүзүп кетет. Бул жерде ак кеме — Момун ата айтып берген жомоктордун символу деп эсептесе болот
Аваз байкенин сүрөттөрү үй-бүлөлүк альбомдон уулу Эрмек тарабынан берилген.

Фото: Баястан Сабыров.
Аваз байкенин сүрөттөрү үй-бүлөлүк альбомдон уулу Эрмек тарабынан берилген.

Фото: Баястан Сабыров.
Аваз байке ушул апрелде, биздин команда интервью алуу үчүн байланыштарын издеп жүргөн дал ошол күндөрү өтүп кеткен экен. Биз аны менен болгон баарлашуудан — ал адам ким, Бишкек үчүн эмне кылды дегендей — алган таасирди портрет бетине түшүрүп жана баян кылып жазууну максат кылып каармандын өзү менен жүз көрүшүп жолугууну кааладык эле. Адатка айлангандай, биз ал киши менен жолугууга үлгүрбөй калдык, көрсө "ал адам бир нече күн мурун өтүп кеткен" экен.

Биздин долбоор шаардын азыркы каармандары жөнүндө ойлонуштурулганы менен, башкача айтканда приципиалдуу түрдө көзү тирүү инсандардан болсун деп жатканбыз, "киношниктердин" коомчулугунда ансыз да баарына таанымал Аваз байкенин тарыхы менен образын алып чыгуу милдетибиз катары туруп калды. Жашоосу тууралуу оозеки (газ түрүндөгү деп коёлу) далилдерди катуу абалда чагылдыруу. Кайсыл бир учурда дүйнөнүн уясын сактап калганындай эле, Аваз байкени да сактап калуу милдети.
— Проекциялык аппаратурада жатып түнөп калчу дешет?

— Түнөгөн!
Гүлбара Төлөмүшева колу менен силкип коёт. Бул "түнөгөн" дегени бүтүндөй полотнонун бир гана бөлүгү экендигин туюндурат сыягы. Өлкөдөгү кыргыз киносу тууралуу билимди өзүндө ташып жүргөн эң башкы адам, анын жандуу китепканасы, маек учурунда да ал кээде өчпөс оттун кудайы Вестанын жрецин эске салат. Вестал институту "очок сакчысы" делген идеяны ишке ашыруунун өзү болгон, анда очок Ааламдын борбору катары кабыл алынган да, весталдар андагы Ыйык отту сактап, Римдин (ааламдын борбору, же үй) жыргалчылыгына жана корголушуна негиз болгон. Гүлбараны байыркы прототип менен салыштырууга түрткү болгону анын жалгыз эс тутумунун каныккандыгы эмес (ал өзү — институция, ал өзү — очок). Бизди курчап турган чөйрөнүн ибаадатчыл маанайы түшүп калды окшойт.
Кино таануучу Гүлбара Төлөмүшева Кино үйүндө.
Сүрөт: Баястан Сабыров.
Кино таануучу Гүлбара Төлөмүшева Кино үйүндө.
Сүрөт: Баястан Сабыров.
Биз Логвиненко/Бөкөнбаев кесилишинде турабыз. Тагыраак айтканда, бизде "жогору" деп белгилешкендей. "Жогору" демек, тоолорго карай. Андагы Рим колонналары менен кучагын жайып, залкар көрүнүштөгү Кино үйү турат, анын империялык апломбунун ("сталинкалар" ампир, же болбосо "триумф" стилинде аткарылган) сырткы жасалгасын жумшак кызгылт түспөлү гана баса белгилейт. 1960-жылдардагы бул архитектуралык тоо кебелбес көрүнөт. Ал эми "тоолор кулаганда" мезгили жакында гана болгондой. Же болбосо, азыр да уланып жатат деп айтууга болот.
Биз экинчи кабатта, "Айтматов конок бөлмөсүндө", ошол эле "Ч. Айтматов атындагы" Кино үйүнүн эң алдыңкы бөлүгүндө турабыз. Совет башкаруучусунун типтүү кабинети 2004-жылы Акаевдин тушундагы мамлекеттик идеологиянын дизайнери Осмонакун Ибраимов жаңылагандан кийин да "old money" стилинин жытын берип турат: абдан бийик тургузулган шыптар, баркыттан жасалган терең зымырыт каптоолор, СССРдеги башкаруучу класска мүнөздүү жалтырак жыгач.
Биз Логвиненко/Бөкөнбаев кесилишинде турабыз. Тагыраак айтканда, бизде "жогору" деп белгилешкендей. "Жогору" демек, тоолорго карай. Андагы Рим колонналары менен кучагын жайып, залкар көрүнүштөгү Кино үйү турат, анын империялык апломбунун ("сталинкалар" ампир, же болбосо "триумф" стилинде аткарылган) сырткы жасалгасын жумшак кызгылт түспөлү гана баса белгилейт. 1960-жылдардагы бул архитектуралык тоо кебелбес көрүнөт. Ал эми "тоолор кулаганда" мезгили жакында гана болгондой. Же болбосо, азыр да уланып жатат деп айтууга болот.
Биз экинчи кабатта, "Айтматов конок бөлмөсүндө", ошол эле "Ч. Айтматов атындагы" кино үйүнүн эң алдыңкы бөлүгүндө турабыз. Совет башкаруучусунун типтүү кабинети 2004-жылы Акаевдин тушундагы мамлекеттик идеологиянын дизайнери Осмонакун Ибраимов жаңылагандан кийин да "old money" стилинин жытын берип турат: абдан бийик тургузулган шыптар, баркыттан жасалган терең зымырыт каптоолор, СССРдеги башкаруучу класска мүнөздүү жалтырак жыгач.
Кино үйү жөнүндө аңгеме окуу китептеринде, туристтик экскурсияларда, аткаминерлердин баяндамаларында ушундай "бийик", асмандын башындай болгон стиль менен чектелмек, эгерде биз Кыргызстан болбогонубузда, Бишкек болбогонубузда. Ал эми алар болуу — экинчил, жер астындагы, килемден тышкаркы агымга ээ болуу демек. Сыртынан көрксүз, сымбатсыз, байкуш көрүнгөнү менен, ичинде болсо арбап алуучу жүрөк. Ал жүрөк согуп турганда, "үмүт оту жанып турат".

"Кыргыз керемети" деген эмне, кайталоо үчүн кайталап колдонулган хештегби (айтмакчы, ал кыргыз тилине караганда орус тилинде көбүрөөк угулат экен)? Балким, кыргыз керемети бул "сунушталган жагдайда" али баары жоголо элек, жоголуп кете элек дегенидир. Балким, ал жумулуу көздөрүбүздүн алдында күндөн-күнгө ("эң татаалы") болуп жаткандыр. Балким, поэзия аркылуу өзүбүзгө далилдерди бере турган мезгил келгендир.

Бул жай 25 жыл бою Чынгыз Айтматовдун иш орду болуп кызмат кылган – ушунча убакыт бою ал Кыргыз ССРинин Кинематографисттер союзун жетектеген. Бүткүл союздук авторитет, алгачкы адабий сиңирген эмгеги жана анын аңгемелеринин негизинен кыргыз киносунун түптөлүшү («Айтматфильм» жөнүндөгү кеңири тараган сөз) жазуучуну «төрага» деп атоого мүмкүнчүлүк берген. Бардык башка республикаларда кинематографисттер союздарынын «биринчи секретарлары» болгон.

Айтматовдун төрагалыгы менен катар бул дубалдарда киномеханик, завхоз, домовой Аваз байкенин жашоосу өттү.
Дал ушул эки инсан Кино үйүн чагылдырат: бир жагынан кыргыздын атын дүйнөлүк денгээлде тааныткан залкар жазуучу, улуу инсан, экинчи жагынан токтоо, боорукер, жаркын Аваз байке. Же дагы: Авазик байке. Аны ушинтип да аташчу экен.

— Ал каза болгондо, биз анын Курманбекович экенин билдик. Момуналиев Авазбек Курманбекович.

Кыргыз киносундагы мыкты авторитет. Кино үйүнүн ээси. Баары бул жерден кеткенде, ал калды. Бул жерде ал жалгыз болду. Бир нече жыл. Эң оор мезгилдерде.
Аваз байкенин кинопроекциясында. Кино үйү, август, 2023.
Сүрөт: Баястан Сабыров.
Аваз байкенин кинопроекциясында. Кино үйү, август, 2023.
Сүрөт: Баястан Сабыров.
1
1
жарык ал болбогон жерде
жарык ал болбогон жерде
Кино үйү Москвага баш ийген дотациялык бирикме болгон, ал жерден ири чарбаны камсыздоо үчүн бай мамлекеттик каржылоо келип турган. Кинематографисттер союзунан тышкары бул жерде советтик киноискусствонун үгүт бюросу, "Экран" журналы, радио үйү жайгашкан эле (акыркысынан "Кыргызтелеком" өсүп чыккан).

Гүлбара Төлөмүшева бул жакка 2004-жылы иштегени келгенде, бир олуттуу байланыш тармагындагы имаратта шаардын мурунку жыйырма үч телефон номерлеринен үчөө гана калган.
СССР кулагандан кийинки алгачкы жылдары үмүтсүз жагдай түзүлө баштаган. "Борбордон" келбей калган субсидиясыз, төлөнбөгөн коммуналдык кызматтардын төлөмү туумдары менен биргеликте өсүп жатты (Ат-Башыдагы акча дарагы сыяктуу). Алгач электр энергиясын, андан кийин суу, жылуулук жана телефонду кесип салышты. Батареялар жарылган. Кино көрсөтүүгө мүмкүн болбой калган. Ал тургай чайнекти кайнатууга да. Ар кошкон чоң жамаат үйдөн агып чыга баштады, ошентип 1995-жылы кинонун жүз жылдыгында ал жерде жалгыз гана адам калды.
Жалгыз жан бар болгон соң, демек, бүтүндөй бир өмүр бар.
Жалгыз жан бар болгон соң, демек, бүтүндөй бир өмүр бар.
— Аваз байке түшүнүп жатты: коркунуч бар. Тагыраагы, сезип жатты. "Катаал токсонунчу жылдардагыдай", мисалы, бала бакчалар банктарга айланып кеткен көптөгөн мисалдарды билебиз. Анын ал жерде болуусу гана кимдир бирөөнүн кол салуусуна мүмкүнчүлүк бербеди. Кол салуулар ар таризде болушу мүмкүн эле. Бул киши башка бирөө ээлеп албасын деп имаратты ээн калтырган жок, болбосо аны оңой эле ээлеп алышмак, бүгүнкү күндө эч нерсеси калмак эмес.
Гүлбара жергиликтүү вахтер аялдардын сөздөрүн келтирет: Кино үйүнүн эшиги дайым ачык болор эле. Эски үлгүдөгү долбоор кире бериштеги кулпуну камтыган эмес. Эч кимиси кулпулайын деген да эмес деп эскеришет "ошол мезгилде" жашагандар. Кино үйүндө күнү-түнү болуу үчүн өз батирин атайылап таштап кеткен Аваз байке көп жылдар бою таякты кулпу түзүлүшү катары менен колдонуп, аны менен бекитүүгө ылайыкташтырган.
— Согуш учурундагы бир аял тууралуу тасма бар. Фронттун чек арасында турган бош айыл. Күүгүмдүн алдында ар бир үйгө кирип, лампочкаларды күйгүзүп чыгат. Электр жарыгы жок жерде шамдарды жагат. Мунун баары чындыгында эле үйлөр бош болгонуна карабастан, анда адамдар бар деген иллюзияны жаратуу үчүн гана болчу. Ошондо душман кирүүгө батына албайт.

Менин оюмча, Аваз байке ушул көрсөтмө боюнча аракеттенсе керек. Бул жерде жок дегенде Аваз байкенин карааны турганда, тагыраагы жалгыз жан бар болгон соң, демек, бүтүндөй бир өмүр бар. Айыл элге жык толгондой таасир калтырчу. Жарык жок жерде жарыкты күйгүздү (бул метафоранын кайгылуу ирониясы). Демек, душмандар бул үйгө кара ойлору менен кирүүгө батына алышпайт. Ошентип, ал аны сактап калды.

Бул эмне? Бул адамдын даанышмандыгы.

"Карасаң, Аваз байкеге жарык тийип турганын", — долбоорубуздун сүрөтчүсү Баястан Сабыров.
"Тоолор кулап жаткан" маалда — алсак 90-жылдары илимдин кандидаттары мөмө-жемиш менен жашылчаны сатуучуларга, ал эми мөмө-жемиш менен жашылчаны (айталы, жүгөрү) сатуучулар силерге-маалым-эмненин кандидатына айланышканы — бүткүл жер менен жексен болуп кетүүгө моюн сунбаган, жадакалса ошол заманга каршы туруунун акылга сыйбас милдетин артынып алган адамдын аң-сезими менен жеке эркинин канчалык деңгээлде болгонун элестетүү мүмкүн эмес.

Каршы турбаса да, каршы болуу. Ишке ашыруу үчүн эң экстремалдуу этишти, болууну тандады. Ырасында эле, колунда бар болгону жалгыз өзү менен коргоосуз, жалгыз калган Римдин очогундагы отту өчүрбөй сактап калуу үчүн эле. Жашоого жол ачуу үчүн жашоо белгилерин көрсөтүү — шарт болбогон жерде өз алдыңча шартты түзүү.

Негизинен эле, Аваз байке өз ишин жарыя кылып элге жар салган эмес, бул адам, өзүнчө антиреклама эле. Аваз байке жана анын кылган кызматы кино дүйнөсүнө жана анын айланысындагыларга "баарына маалым" болсо да, а бирок Аваз байкенин өз жоонуна өзү арттырган милдетти канча убакыт аткарып келгенин так айта алгандар аз санда. Ошол мезгилди тактоодо кеткен каталарды эске алуу менен бул 1995—1999-жж. чейин созулган, айрыкча ошол мезгил аралыгынын ортолору абдан туруксуз болгон. 1996-1997-жж. анык ачкачылык мезгили болгон, ал тургай кенедей эмгек акы да болгон эмес.
Жаңы миң жылдыктын башталышы менен Кино үйүнө "жаңы" кинематографисттердин, анын ичинде алгачкылардан болуп Александр Яковлевич Коротенко жана анын командасы Гуля Алмамбетова менен бирге жашоо кайтып келе баштады. Төрт жылдан кийин Аваз байке Кино үйүнөн Пишпектеги өз үйүнө барып турууга мүмкүндүк алды.

Кино көрсөтүүлөрдүн кайрадан улана баштаганы үчүн Коротенко Аваз байкеге 100 доллар сунганда, байкенин реакциясы чагылдырып берүүгө болбос, адам чак түштө Ала-Тоо аянтынын ортосунда кенч таап алгандай болгонун сүрөттөп айткан экен.

уландысы алдыда

да оку
да оку
Жибек Каракеева
Каалайм = Көрөм = Сүйөм
Айнура Исаева
Кел, менин чатырымдын алдына
Улан Джапаров
Периферия жанрындагы рух
1999-жылы эми көз карандысыз Кыргызстандын кинематографисттеринин тарыхый съезди болуп өттү. Анда мурдагы Баян Сарыгуловдун ордуна, кулак салыңыздар, Союздун 7 төрагасы шайланган.
— Билесизби оюма эмне келгенин?

— Бул эми эски тамаша: саясатта болуп жаткандардын баары кинематографисттер Союзунда апробациядан өтүшөт. Бардык толкундоолор жана төңкөрүштөр алгач ушул жерде, андан кийин ал жакта.
Жетөө акырындык менен аябагандай чоң карыздар менен күрөшө баштады: акча издеп, электр энергиясын, муздак сууну коштуруп, туумду кечүү боюнча арыз беришип. Биргелешкен аракеттер менен кино уячасында жашоо тутанды, ал эми 2000-жылдары имарат юридикалык жактан кинематографисттерге бекитилди (мурда "Кыргызтелекомдун" балансында эле). Гүлбара режиссер Темир Бирназаровдун чечүүчү сөзүн катаал мезгилдин соңуна чыгышы катары эстейт: "Эми бул биздин үй!".

Аваз байке иштин аягына чыкты. "Өзүнүн" гана эмес.
2
2
эртеңкисин бүгүн ойлоп
эртеңкисин бүгүн ойлоп
— 1993-жыл маанилүү жылдан болду, туура отуз жыл мурун. Бул менин муунума зор таасирин тийгизген Актан Арым Кубаттын "Селкинчек" аттуу тасмасынын чыгышы. Биз силердей жаш болчубуз. Экономикалык жактан толук караңгылык, кыйроого учурагандай сезилген. Ал эми" Селкинчек " бизге бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө жана басып өтүүгө болоруна үмүт берди. Мында бизге искусство жардам берет.

"Селкинчек" абдан маанилүү эле. Бул курулай бир тасма болгон эмес. Бул биздин маданиятыбыздагы эң таамай тийген соккулардын бири болду. Мен жазгандарымдын эң мыктысы — бул "Селкинчек" тууралуу.
Аваз байке 35 ммге терең ишенчү.
Аваз байке 35 ммге терең ишенчү.
Актандын белгилүү "Бешкемпир" үчилтигинин алгачкы картинасы алгач Локарного жетти, андан соң ал жерде "Эртеңки күндүн илбирстери" деген символикалык аттуу категорияны утуп алган. Тасманын улуттук премьерасы Кино үйүндө болуп өткөнүн белгилей кетүү маанилүү — баш аламандык мезгили күчүнө кирген эле, бирок электр жарыгы ошол жылы дагы эле бар болчу. Маанилүү жагдай, "Селкинчек" менен Аваз байкени байланыштырган бир маани бар: ишенүү жоопкерчилигин алып жүрүү. Башкача айтканда, маңызын сезүү, зарылдыгын көрүү. Оор күндөрдө күтүп туруу керек (чыдап сабырдуулук менен өткөрүү керек). "Биз күтүп турушубуз керек". Алар түбөлүккө улана албайт. Бул сөздөр "карапайым адамдарга" таандык, "чоңдорго" эмес.

— Баарынан мурда Аваз байке киномеханик эле. Анан да ал оор күндөр соңуна келип жана кайрадан өзүнүн аппаратынан кино көрсөтүүнү улантарын сезген экен. Аваз байке өзү иштеген 35 мм кино тасмага терең ишенчү, ошондуктан ал биринчи кезекте өзүнүн жабдууларын коргоочу эле.
Ал аягына чейин күтүү үчүн күттү.

2006-жыл. Профессионалдардын мындай процесстин ишке ашуусу мүмкүн эмес экендиги жөнүндө бир беткей айтымдарына карабастан, видео аппаратурага тартылган тасманы 35 мм пленкага көчүрүштү, ишке ашырышты. Бул сүрөтчү Талгат Асыранкуловдун эч бирине окшобогон "Бейиш куштары" аттуу жалгыз режиссердук эмгеги эле.

"Чек араларды беймарал жеңебиз" тасмасынын урааны кыргыз онтологиясынын "Кыйынчылыктарды беймарал жеңебиз" концепциясына тартат (ооба, тартат).
— "Бейиш куштары" тасмасынын премьерасында адамдар кинозалга батмай асма шамдарга чейин асылып алгандай турушту. Ондогон адамдар Аваз байкенин аппараттык бөлмөсүнө тыгылып олтурушту. Ал кезектеги бобинаны кубаттоо үчүн бир посттон экинчисине өтө албай калган эле. Өтүп бара жаткандар тасманы көздөн учуруу үчүн дээрлик терезелерден тиктеп жатышты.

Аваз байке үчүн бул абдан маанилүү эле. Ал өзүнүн проекциялык аппаратурасында 2006-жылы кинопленкадан тасманы көрсөтүп жатат. Демек, ал 90-жылдары мунун баарын бекеринен сактап калган эмес экен: Кино үйү, кинозал, өзүнүн жабдуулары. Бул проекторлор турат, бирок аларды колдоно билген Аваз байке жок.

Биз аны менен 8 жыл бир кабинетте отурдук. Ал өз ишин жактырат эле. Сөөгүн жерге берерде аялы жана башка үйүндөгүлөрү анын дайым "Болду, болду! Мен жумушка барышым керек! Мен жумушка чыгышым керек! Жумушка, жумушка!". Бизде деген жумуш графиги так эмес да. Кээ бирөөлөр көрсөтүүнү кечинде өткөрүүнү каалашат, ошондуктан киномеханик аягына чейин болушу керек.
Ал аягына чейин күтүү үчүн күттү.

2006-жыл. Профессионалдардын мындай процесстин ишке ашуусу мүмкүн эмес экендиги жөнүндө бир беткей айтымдарына карабастан, видео аппаратурага тартылган тасманы 35 мм пленкага көчүрүштү, ишке ашырышты. Бул сүрөтчү Талгат Асыранкуловдун эч бирине окшобогон "Бейиш куштары"аттуу жалгыз режиссердук эмгеги эле.

"Чек араларды беймарал жеңебиз" тасмасынын урааны кыргыз онтологиясынын "Кыйынчылыктарды беймарал жеңебиз" концепциясына тартат (Ооба, тартат).
— "Бейиш куштары" тасмасынын премьерасында адамдар кинозалга батмай асма шамдарга чейин асылып алгандай турушту. Ондогон адамдар Аваз байкенин аппараттык бөлмөсүнө тыгылып олтурушту. Ал кезектеги бобинаны кубаттоо үчүн бир посттон экинчисине өтө албай калган эле. Өтүп бара жаткандар тасманы көздөн учуруу үчүн дээрлик терезелерден тиктеп жатышты.

Аваз байке үчүн бул абдан маанилүү эле. Ал өзүнүн проекциялык аппаратурасында 2006-жылы кинопленкадан тасманы көрсөтүп жатат. Демек, ал 90-жылдары мунун баарын бекеринен сактап калган эмес экен: Кино үйү, кинозал, өзүнүн жабдуулары. Бул проекторлор турат, бирок аларды колдоно билген Аваз байке жок.

Биз аны менен 8 жыл бир кабинетте отурдук. Ал өз ишин жактырат эле. Сөөгүн жерге берерде аялы жана башка үйүндөгүлөрү анын дайым "Болду, болду! Мен жумушка барышым керек! Мен жумушка чыгышым керек! Жумушка, жумушка!". Бизде деген жумуш графиги так эмес да. Кээ бирөөлөр көрсөтүүнү кечинде өткөрүүнү каалашат, ошондуктан киномеханик аягына чейин болушу керек.
Жубайы Бурулкан менен үйлөнүү күнү. Бул көз ирмемдерди Аваз байке өзгөчө альбомго чогулткан.

Сүрөттөр: Баястан Сабыров.
Жубайы Бурулкан менен үйлөнүү күнү. Бул көз ирмемдерди Аваз байке өзгөчө альбомго чогулткан.

Сүрөттөр: Баястан Сабыров.
Киномеханиктер. Бул кесиптин адамдары дүйнөлүк кинодо, анын ичинде кыргыз киносунда даңазаланган. "Парадизо" жаңы кинотеатрынан" Филипп Нуаренин жана "Солдатёнок" тасмасындагы Советбек Жумадыловдун элестери эске түшөт. Жумадыловдун каарманы сырткы келбети менен Аваз байкеге окшошуп да кетет — кылдат, бутуна бекем турган, кубаныч тартуулаган чымыр адам. Тагыраагы, алып келген адам. Кинону кутунун ичинде алып келет — 10 мүнөттүгү 300 метрлик плёнкада. Ар бир айылда кай бир кездерде бул көрүүчү менен таасир ортосундагы ортомчу болгон кубанычтын кечилин күтүшчү эле. Киномеханик — бул жөн гана кызматчы эмес, бул дин кызматкери.

Актан Арым Кубаттын "Кентавр" (2017) тасмасында нормалдуу көпчүлүктүн анормалдуулугуна каршы күрөшкөн башкы каарман — бул айылдагы клубун мечитке айландырып салышкан мурдагы киномеханик. Автордун мурунку "Свет-аке" (2010) тасмасы жарык жок жерде жарык чачкан электрикти борборго коёт, башкача айтканда, Прометей.

Прометей — бул отту адамдарга тартуулаш үчүн кудайлардан аны убактылуу алган (уурдаган деп айткандан карманалы). Прометей — өз жанын курмандыкка чалуунун символу. Байыркы грек тилинен Прометей — "алдын-ала ойлонгон", "көрөгөч", "кыраакы", "радетель". "Радетель" — камкор дегенди билдирет. Камкор — демек, эртеңкисин бүгүн ойлоп иш кылган адам. Аваз байкенин үч белгиси тең Прометей болгон. Ал мына ушундай элди сүйгөн адам болгон.

Бул байланышты сезген соң, денедеги титиреткен электр тогуна туруштук берүү кыйын. Актан Аваз байкеге ынта коюп байкоо салса керек, кыязы, Свет-аке менен Кентаврдын каармандарынын экөөсүн тең коюучу өзү аткарат — ал киномеханиктин өзгөчөлүктөрүн экранга жөн гана көчүрбөстөн, ошол инсанды идея катары көргөн.
— Актан бул кишини кинематографисттер союзуна кабыл алуу керек деп кыйкырып, баарын ынандырганы эсимде. Кээде, билесиңерби, ал ушунчалык эмоцияга алдырганда, анын үнү фальсеттого өтүп кетет. Мына, ал кыйкырып жатып, үнү бүтүп болбой калды:

"Билбейм!... Эми, мен билбейм!... Бул сөзсүз керек! Адам буга татыктуу!". Кайсыл жылы экени эсимде жок, бирок Аваз байкени Союзга кабыл алышкан.

Ал эми кинонун жүз жылдыгында Акаевдин колунан ардак грамота алган болуш керек эле.
Актан Арым Кубат менен Аваз байке.
Джузеппе Торнаторенин тасмасында — дүйнөдөгү эң белгилүү киномеханиктин образы
Чыңгыз Айтматовтун чыгармасын Ташкендик режиссер Эльдор Уразбаев биринчи экранизация кылган (дебюту)
3
3
стульчикте отурган башчы
стульчикте отурган башчы
Фрунзенин богемиялык картасында Кино үйү майлуу чекит болгон. Көчөдө — "сенектик" мезгили, кайра куруубу — айырмасы жок — а бул жерге прокатка чыга албай калган тасмалар келип түшчү. Актуалдуу кинону көрүү үчүн Кино үйүнө кирүүгө тырышышчу. Туура 1 күнгө алынып келинген уникалдуу (демек, ыңгайсыз) тасмалардын жабык сеанстары тууралуу маалымат ушактардын тездиги менен мүнөзүндөй тарап кетчү. Бул көрсөтүүлөрдү Аваз байке ишке ашырчу.
— Бул жерде абдан ажиотаж болгон! Абоненттик система иштеп турчу. Менин апам киностудияда иштегендиктен, кирип турчумун. Жекшемби күндөрү балдар "Наристе" киноклубу иштечү, анда мен Дэвид Боуи аткарган "Лабиринт" тасмасын көргөм.

"Менин америкалык байкем" тасмасы көрсөтүлүп жаткан. Толгон эл. Мен ал кезде окуучу кыз эмес, эми ВГИКтин күбөлүгү менен бара жатам. Экинчи кабатка көтөрүлгөн тепкичте ал отурат. Анын үстөлү менен отургучу турат. Кимди өткөрүүнү, а кимди өткөрбөөнү өзү чечет.

— Аваз байкеби?

— Ооба! (Гүлбара эрксиз, капысынан, баладай болуп кыткылыктап күлө баштайт; адатта мындай кылыктар биз менен тыгыз мамиледе болгон адамдарды эскерүү менен коштолот — уруштан достукка чейин, тескерисинче эмес)

Мен документти алдымда кармап көрсөтүп турам, ал баштады: "Мына могуну экинчи эч кимге көрсөтпөй жүргүн! Могул мага көрсөтүп жаткан күбөлүгүңдү! Муну экинчи алып жүрбөгүн!". Мен ачууланып жооп кайтардым: "А эмне экен, эмнеге ушинтип жатасыңар?!" Аны менен алгачкы эле жолугууда дароо урушуп кеттик. Кимдир бирөө өтүп бара жатып болушуп калды: "Ал биздики, биздики!" деп. Каалабастан өткөрдү мени, араң басылды.

Айтайын дегеним, башчы өз ордунда. Ошол тепкичте, ошол бийик отургучта. Маанилүү адам отурат. Бирөөнү өткөрөт, бирөөнү артка кайрыйт.

Албетте, кийин достошуп жүрдүк. Ал бардыгы менен дос болчу.
— Бул жерде абдан ажиотаж болгон! Абоненттик система иштеп турчу. Менин апам киностудияда иштегендиктен, кирип турчумун. Жекшемби күндөрү балдар "Наристе" киноклубу иштечү, анда мен Дэвид Боуи аткарган "Лабиринт" тасмасын көргөм.

"Менин америкалык байкем" тасмасы көрсөтүлүп жаткан. Толгон эл. Мен ал кезде окуучу кыз эмес, эми ВГИКтин күбөлүгү менен бара жатам. Экинчи кабатка көтөрүлгөн тепкичте ал отурат. Анын үстөлү менен отургучу турат. Кимди өткөрүүнү, а кимди өткөрбөөнү өзү чечет.

— Аваз байкеби?

— Ооба! (Гүлбара эрксиз, капысынан, баладай болуп кыткылыктап күлө баштайт; адатта мындай кылыктар биз менен тыгыз мамиледе болгон адамдарды эскерүү менен коштолот — уруштан достукка чейин, тескерисинче эмес)
Мен документти алдымда кармап көрсөтүп турам, ал баштады: "Мына могуну экинчи эч кимге көрсөтпөй жүргүн! Могул мага көрсөтүп жаткан күбөлүгүңдү! Муну экинчи алып жүрбөгүн!". Мен ачууланып жооп кайтардым: "А эмне экен, эмнеге ушинтип жатасыңар?!". Аны менен алгачкы эле жолугууда дароо урушуп кеттик. Кимдир бирөө өтүп бара жатып болушуп калды: "Ал биздики, биздики!" деп. Каалабастан өткөрдү мени, араң басылды.

Айтайын дегеним, башчы өз ордунда. Ошол тепкичте, ошол бийик отургучта. Маанилүү адам отурат. Бирөөнү өткөрөт, бирөөнү артка кайрыйт.

Албетте, кийин достошуп жүрдүк. Ал бардыгы менен дос болчу.
№ 8 троллейбус аялдамасынан жумушка чейинки жол бир топ убакытты алат, анын бет алдынан чыккан шаардыктардын көбү Кино үйүндөгү сеанстарга барып турар эле, андыктан сыйкырчыны да таанып калышчу. Аваз байке токтоп, учурашып, баарлашып калар эле. Анын ар бир күнү "Кандайсың? Азыр кайдасың? Кайда баратасың? Эмне кылып жатасың?" бишкектиктерге мүнөздүү эле.

Акыркы жылдары калыптанган өзүнө гана таандык тышкы келбетиндеги сыпайылыкты Аваз байке 80-жылдары ала баштаган. Чүй облусунун көптөгөн тургундары сыяктуу эле (анын ичинде бир нече жолу аталып өткөн Актан Арым Кубат дагы), ал ГДРдин советтик аскерлер тобунда 2 жыл кызмат өтөгөн. Сүрөттө катардагы 5 адамдын төртөөсү Аваз байкеден бир топ эле узун келет.

Айтмакчы, баш кийим деген такай түшчү эмес башынан. Жайкысын кепка, же акыркы жылдары шляпа тагынып, кышкысын болсо — тебетей ("жакшы бир тебетейи бар бол эле") кийип жүрчү. Мойнуна шарф салынып, күнгө күйбөйүн деп чыканактарына чейин жеңкаптарды тагынчу. Ачык көйнөк, ачык шым, ачык бут кийим. Дээрлик баары апакай. Контраст катары кара көз айнеги менен "мына бул сакалы" эле. Баары биригип келип адамдын жеке стилин белгилеп турчу.

— Чет өлкөлүк азамат сыяктуу көрүнөт. Басышы. Дабышынын тыгыздыгы да.

Биз башында аны жоош, жумшак мүнөз, боорукер Аваз байке деп аныктадык. Күйөө, ата, сүйүктүү неберелеринин чоң атасы. Бул адам кээде бир нерсени абдан шашпай жасачу окшойт да, анысына тийишип азилдеп коюшар эле. Бирок отуруштар учурунда биз укмуштуудай ачылышка туш болдук! Көрсө адам сонун ырдайт экен да, укмуштуудай, кызыктуу үнү бар. Ал эми бийге келгенде, биз ага гана тиешелүү пластиканы көрө алчу элек.
Ал, мисалы, Базаровдун эпизоддорунда бийлейт — акыркы иштеринде Геннадий Садырович Аваз байкени киномеханик катары тарткан. Болгону эки кыска көз ирмем, бирок анын фактурасы тартылып алынган.

Аваз байкенин мыкты артисттик аткаруу чеберичилигинен сырткары, кийинчерээк анын абдан билимдүү жана көп окугандыгын байкадым. Негизинен, ал адам көп сүйлөчү эмес, бирок сүйлөшкөндү да билчү. Кыргыз жана орус тилдеринде бирдей сабаты ачылган. Картасы жок эле жатка Американын штаттарынын ар бирин атай алчу. Жаңылыктардан кабардар эле.

Кино өнүктүрүү фондунун сайтында Аваз байкенин сымбаттуу биографиясы калды, анын инсан катары көп кырдуулугун, маңызын жана масштабын элестетүү кыйын:
Кино өнүктүрүү фондунун сайтында Аваз байкенин сымбаттуу биографиясы калды, анын инсан катары көп кырдуулугун, маңызын жана масштабын элестетүү кыйын:
1956
1956
Асылбаш айылында туулган
18 жашынан тарта
18 жашынан тарта
"Россияда" киномеханик болуп иштеген,
Фрунзедеги миң орундук чоң экрандуу ири кинотеатр
1979
1979
Алматадагы Кино техникумун бүтүргөн
Техникалык орто билимди аяктагандан кийин Кино үйүнө орношуп, анын туруктуу кызматкерине айланган
Алгач киномеханик кызматына (2000-жылдардын ортосуна чейин), андан кийин техникалык бөлүмдүн башчысына (чарба башчысы).
14 апрель,
2023-ж.
14 апрель,
2023-ж.
Аваз байкенин акыркы күнү
Аваз байке Кино үйүнө бүт өмүрүн арнаган экен. Бул анын өмүрүнүн 67-чы жылы болчу.

— Аны жүрөк оорусу кыйнап жүрдү. Шекери да көтөрүлөп кеткен. Дайыма ооруканаларда жүрүп, тамак-ашын көзөмөлдөп турчу. Ошол 90-лардын төрт жылында ал ден-соолугун начарлатып алса керек. Диабет өзүнөн-өзү пайда боло калбайт. Анын "ал жактан" калган адаты бар болчу сыягы — көк пияз менен нан жемей. Сарымсакты сейрек, а бирок пиязды милдеттүү түрдө. Канаты узунан созулган, ал эми башы жоон болгондой. Балким, достору тийип, бир нерсе берип кетишчү го, бирок, бул жерде көбүн эсе ачтуу-токтуу эле жашачу го дейм.

Быйыл 13-апрельде алгачкы жолу күн аябай ысыган эле. Аваз байкеге Фрунзе музейинен эски жабдыктарды көрүү үчүн телефон чалышкан. Ошентип, ал ысыкта кетти. Кечинде "Артдокфест" пландаштырылып жаткан, ал көрсөтүүнү өткөрө албай, үйүнө жөнөдү. Түнкүсүн ал өзүн жаман сезе баштады. Тез жардам чакырылды. Ошентип өтүп кетти.

Байке эртең менен сатып алган айранын ичкенге үлгүрбөй, Кино үйүнүн үстөлүндө ачыла элек бир пайыздык "Белая Река" кефири калып кетти.

Биз Айтматовдун конок бөлмөсүнөн Аваз байкенин киноаппараттар бөлмөсүнө бара жатабыз. Узун тик тепкич Кино үйүнүн жашыруун үчүнчү кабатына алып барат. Бул мансардтык типтеги эшиги бөлөк болгон төрт чарчы бөлмө жана аларды байланыштырган коридор. Биринде ээсиз калган проектор-желмогуздары, калган үчөөндө Шварцегеннердин алгачкы мезгилиндеги плакаттар илинген шыптан ылдыйга чейин төшөлгөн дубалдар. Баарын чаң басып турат, жылдыздуу чаң астында турат.

Биздин сүрөтчү Баястан улам кайталай:

— Блин, мен Аваз байкени билчүмүн да. Аны көргөндө ичимден "жөнөкөй эле экен" деп ойлоп койгом. Аттиң, портретин тартып алсам болмок экен.

Бул имарат жана андагы тарых издери кандайдыр бир табылга менен жүзүбүздү жаркыратышы керек. Же жок дегенде жол көрсөтүү. Башкача жанрдын, кадимки жашоонун мыйзамдарына ылайык биз канчалык тырышпайлы, Аваз байке кайра тирилип келбес. Андыктан, башкы сөз кезеги бизден:

Рахмат сизге, Аваз байке.

Текст 2023-жылдын сентябрь айында жазылган.

"Кадам" ким тарабынан жасалган:

Текст, верстка, концепция — Рахат Асангулова
Идея, менеджмент, продюсерлик иш — Айнура Сагын
Капкактардан куралган портрет — Дмитрий Петровский
Видео жана сүрөт — Баястан Сабыров

Долбоордун өнөктөштөрү — "Шоро" компаниясы

©"Кадам", 2024. Бишкек, Кыргызстан. Концептуалдык, тексттик, фото жана видео материалдарды, дизайн жана тариздөө элементтерин кандай гана болбосун пайдаланууга же көчүрүүгө укук ээсинин уруксаты менен гана жана булакка шилтеме берүү менен гана жол берилет: https://kadam.to/avazmomunaliev/ky