"КАДАМ" 3-ПОРТРЕТ
ЖИБЕК КАРАКЕЕВА
КААЛАЙМ = КӨРӨМ = СҮЙӨМ
"КАДАМ" 3-ПОРТРЕТ
ЖИБЕК КАРАКЕЕВА
КААЛАЙМ = КӨРӨМ = СҮЙӨМ
Бул текст котормо болуп саналат.
Жибек "Тазалыктын" феноменалдуу басма сөз катчысы. Бул биздин чөйрөдө ашкере жана орунсуз колдонулуп келгендиктен маңызын жоготуп алган суктануу үчүн колдонулган сансыз сын атоочтордун бири катары угулат. Өтө таттуулугунан улам супсак, далдайганы менен көзгө илинбеген.

Жибектин окуясы электен өткөн сөздөрдү тандоону талап кылат — кээ бир жерлерде темага түз киришүү менен ("феномен"), а кээ бир жерлерде болсо ийне-жибине чейин баяндоо менен. Акыркысы — Жибектин өзүнүн ыгы.
"Тазалык" — Жибек бул кызматында 2017-жылдан 2021-жылга чейин эмгектенген.

Эгер сиз бул баракты көчөдө капкак портреттин алдында туруп ачкан болсоңуз, аны өзүңүзгө сактап алыңыз. Ошентип, сиз текстти толугу менен өзүңүзгө ыңгайлуу шартта окуй аласыз, рахмат.

Ал Бишкек шаарына канчалык таасир эткенинен кабардар эмес сыягы. Бул таасир кош багыттуу жана жалгыз мотивге ээ. Жөнөкөй, кадимкидей эле мотив. Алар Жибектей болгусу келишет, стратегиясынын нугу "сүйкүмдүү кылып жасоо" болсо керек деп болжолдоп, андан бир кадам да артта калбай кошо аракеттенип келишет. Жибек колдонгон ыкмасынын археологиясы сүйкүмдүүдөн бираз төмөн жаткан жер казынасына алып келет. Төмөн — демек тереңирээк.
Жибек кыргыз сүрөтчүсү Татьяна Зеленскаянын иллюстрациясында.

Сырт жагында Жибек эмне кылды? Шаарды тазалоо боюнча муниципалдык кызматын жоктон бар кылды. Артта көрүнбөй келген жансыз фон: көчө шыпыруучулар, жалбырактар, арыктар Жибектин драматургиясында (көз алдында) фигураларга айланды. Субьекттерге айланды.
Башкача айтканда, мурдагы "техникалык", "темир-тезектүү", "функционалдуу" дүйнөгө жан кирип, жандана түштү. Кан тамырга кан жүгүрүп, ниеттер ишке ашып, Жибек ондогон жылдардан бери келе жаткан эмгекке тыныш белгилерин коюп, элден элге, элдин күчү менен эл үчүн дегендей таасир калтырды.

Жакшы көрүү = Сүйүү
Ич жагында эмне болду? Жибек "Тазалыктын" ренессансына көз салып жаткан шаар тургундарынын жүрөгүнөн түнөк таба алды. Шаар тургундары аларды кимдир-бирөө көрүп, байкап тураарын унутуп калышкан же такыр эле билишчү эмес. Көрүп, кулак салып, кабыл алып, жана да жооп берээрин унутуп калышкан.

"Калк" менен эсептешкен жагдайлар анчейин көп деле эмес. Качан гана эсептеше баштаганда, бул дароо көзгө урунуп, жүрөктү жылытат — кыргыздын али биротоло бүтөлө элек бирдиктүү органы.

Алар мен каалаганды аткарышчу. Менин оюмдагыдай.

Жакшы көрүү — сүйүү. Бул сезимдин карама-каршы келген мааниси тилде күзгүдөгүдөй чагылдырылган — жаман көрүү. Мындайча айтканда, Жибек таштандылардын арасынан изденип отуруп сүйүүнү жаңыдан жаратты. Жол бою баратып керексиз деп байкабастан ыргытып/түшүрүп алганды Бишкекке кайрадан таап берди. Байыркы, түгөнгүс жана учурда абдан тартыш болуп жаткан материалды жаңылыкка айлантты.

Соцтармактагы ар бир жарыясы "Сүйүү менен, сиздин Тазалык" деген саптар менен аяктайт. Жок болуп кетүүгө чейин эскирип болгон билдирүүнү Жибек өз саптарында калп жазбастан, бир кезде байкалбай келген иш-аракеттерди белекке орогон. Белектин бантиги байланып жатты.

Эч бир каржылоосуз. Өзүнүн гана күч-аракети менен. Ишенип коюңуз.

уландысы алдыда
да оку
Аваз Момуналиев
Бул жерде байке болгон
Айнура Исаева
Кел, менин чатырымдын алдына
Улан Джапаров
Периферия жанрындагы рух
La vie en rose — Кызгылт түстөгү жашоо
Кирилл транскрипциясы менен жазылган французча ырдан сөздөр
Жалтыраган "маршмеллоу" түсүндөгү кызгылт кафель мага көз ымдап турат. Анын жаны бар экендиги ачык. Жибектин ашканасы жалаң 80-жылдардагы чехословакиялык плиткалар менен капталган. Ашканын төрт бурчу тең. Жалгыз гана пол жасалгага дуушар болбогон (ал глазурь менен гана сүйлөшөт, аны эч ким карабайт). Биз сандыкчанын ичинде жүргөндөйбүз, сыягы. Ар бир көз ирмемде кандайдыр бир кондитердик нерсе болуп кетчүдөй, мындай сезим абада калкып жүрөт.
"Биз кутучанын ичинде жүргөндөйбүз, ээ?" — Жибектин жылмаюусу менен биргеликте Гринфилд пакети да ачылды. "Кыргыз ССРнын 50 жылдыгы" деген чегерилген оор кеседе чайды сунду. Ар жолкусунда жүзүнөн ашканасына болгон суктануусун байкоого болот. Бул анын кулк-мүнөзүнө, дубалдарынын бирине болгон коридору сымал.
Жибектин дайыма өзүнө таандык бир дүйнөсү, ал тууралуу элестери болор эле. Бул дүйнөдө андан башка адамдар жок эле. "Анчалык деле," — деп Жибек өз монологдорун бир эки сөздөн турган репликалар менен өзүнө арбап алуучу оор басырыктуу тыныгуулардын артынан бүтүрөт. Бул жымжырттык абдан маанилүү, уккан соң аны бөлбөш керек. Анда негизги тезистер бышып жаткан болот:

"Мен "Барбисин" колуна кармаган кошуна кыздарга зар болчу эмесмин. Деги эле башка адамдардын кереги жок эле".

Кичинекей мамалактардын топтому 40 сом турат эле. Жибектин кичинекейинде бул сумма азыркы 4000 сомго барабар эле, мындай акча анын ата-энесинин чөнтөгүнө ылайык келбейт эле. "Алгым келип жатат, мага аябай керек", — деп сөөмөйүн витринага такап турган кыздын өжөрлүгү жеңип кетти. "Мейли, эми алгың келип жатса..", —Жибектин калыптануусуна салым кошкон атасы эч качан жок деп айтчы эмес, тескерисинче кызынын каалоолоруна камкордук менен, маани берип жооп кайтарчу. Колуна сатып алынган оюнчукту алып, Жибек басып кетти:
— Апам залдын эшигин ачканда, мен анын кирбөөсүн суранар элем. Мамалак кичинекей эле болчу да, анан алтыга бүктөлчү жана толугу менен батып кетчү. Алар бири-бири менен баарлашчу. Чогуу дүкөнгө, окууга, жумушка барышчу. Балмуздак жешчү. Мотоцикл, андан соң машинага минишчү. Аларды мен кичинекей селкинчекке отургузуп, селкинчек тебишчү.
Жибек айбаттуу муруту бар жирафтай созулган мышыкты четке койду (соот сыяктуу курсагына жабышкан өтө узун бир жумшак оюнчукту элестетиңиз). Жалгыз гана өзү жөнүндө сөз болуп жатканда тулку бою (денесине) менен уялуу – Жибек үчүн көнүмүш адат. Азыр ал эскерүүлөргө берилип, алагды болуп, ал өзү жакшы билген нерсеге кирише баштады: майда-чүйдө нерселер аркылуу иллюстрациялоого.

Мынаке Жибек жүзүн ылдый каратып, коёндун ийнинин ичине көз салып жаткан Алисадай кайкыйып турат. Керметтер дүйнөсүнөн башын көтөрүп, Жибектин көздөрү көздөрүмө каадалып, көздөрүн алып качпастан ал сөөмөйү менен (шеллак коюлган тырмактары менен) абада мамалактарынын өлчөмүн чийип жатат — грек жаңгагынын жарым шарын — андан соң алдыга-артка кыймылдарын. Мен селкинчектерди көрө баштадым.

"Ушундай болгон", — деди Жибек демин энтигип, пружина сыяктуу кайра мурунку абалына келип. Ажайып тыныгуудан кийин.

Ар бир сүрөттө эң кичинекей фигура — Жибек.

Бир фотодо кызгылт кафельди да табасыздар.
— Мен кичинекей детальдар менен ойногонду жакшы көрчүм. Мамалактардын сүйлөй турчу сөздөрүн да оюмдан чыгарчумун. Мен мындан ырахат алчумун. Мага мындан башка эч нерсе керек эмес эле. Алар мен каалаганды аткарышчу. Менин оюмдагыдай.

Жумушта да дал ушундай. Ошолор эле. Болгону мамалактар чоңураак болчу. Алар жумушчулар, көчө шыпыргандар, жүк ташуучулар эле.

Эгер көчө шыпыруучу жалбырактардан жүрөкчө жасап, жанында туруп сүрөткө түшүшү керек болсо жана да бул абдан сонун көрүнө турган болсо — мен муну сезчүмүн — демек, муну кылыш керек. Жүрөкчөнүн кандай болушу керек экендиги көз алдымда турат. Ичинде кызыл, андан соң сары, сыртында кызгылт сары жалбырактар. Көлөмдүү болушу керек. Анан ал шыпыргысы менен турат, анын артында болсо "Тазалык" жазуусу.
Кылдым. Бул эми бир жаңылыкка айланды. Бардык жакка тарап кетти. Жана да бул өзүнчө бир белек. Бул жылмаюу тартуулайт, туурабы? Бул мага ич жылытаарлыктай сезилчү. Ич жылытаарлык!

Андан соң мэриядан чалуулар башталчу: эмне үчүн сен бизге биринчи жиберген жоксуң, эмне үчүн жалпы баракчага эмес, өз баракчаңа жүктөп жатасың? "Мен силерди укпайм", — деп бетке айтканды жактырбайм. Мен жөн гана жылмайып койчумун.

Мен баш ийүүгө ийкемсизмин. Анткени, өзүмө таандык дүйнөм бар. Ал балалыктан калган. Аң-сезимимде да ал ушундай.
Жүрөкчө — жаңылык. Мамалак — ретроспектива.
ичиндеги "алтынчы"
ичиндеги "алтынчы"
Жаңгак, кайың токойлору.
"Благодать".
Кириешкалар, лимонад, стадион.

Дүйнө 6-кичи районунда башталды. Дал ушул жерде соңуна келди. Тиги "жүрөкчө" үчүн жалбырактар "алтынчынын" арыгынан чогултулган, борбордо мындай чоң жалбырактарды табуу мүмкүн эмес. Жибек аларды пакетке салды да, кетти.

Байыркы замандагыдай, алгачкы адамдар бала сыяктуу — экуменаны — жердин өздөштүрүлгөн бөлүгүн гана таанып турганда, Жибектин дүйнө картасы "алтынчынын" чегинде гана болчу. Бул жерде төрөлүп, чоңойуп, окуп, сейилдеп жүрдү. Анын чегинде гана, 6-дан 6-га көчүп жүрчү. Достору дагы 6-дан болчу (алар да бар болчу, жок деп ойлоп албаңыздар).
Алтынчы кичирайондогу легендарлуу кафе
— Мен дайыма 6-да жашачумун. 6-дан сырткары башка жерде жашоо кандай экендигин элестете албайм. Мен эч жакка чыкчу эмесмин.

Көп деле.

Мектептен кийин (кайсыл жакта экендиги маалым) "Славянский" университетине тапшырып, Жибек алгачкы жолу алтынчынын чегинен сыртка чыкты. Жалгыз. Бишкек ага абдан чоң көрүнгөн. Мурун кошуна Орто-Сайга чейинки аралык "-дан -га" саякатындай эле сезилчү, а бул жерде чыныгы сыноо. Сабактар өтүлчү "Илбирске" чейинки жол оңой өздөштүрүлсө, кайра кайтуучу жол бир канча ачылыштар аркылуу өздөштүрүлгөн.

Жибек 6-га кайра кайтуу үчүн жолдун ары жагына өтүү керектигинен кабары жок эле. Маршрутка айланып келип, үйүнө жеткирип коет деген гипотеза бир да жолу далилденген жок.
6-кичи райондо (кичи демек кичи) кунт коюп жүргөндөр, ага жана андагы өзүнө көз чаптырып, бул оазистин адамга тийгизген таасирин, атүгүл кыска зыярат учурунда да элестете алышат. Ал бир гана Бишкектен эмес, шаардын башка бөлүктөрүнөн "өз турмушунун" пардасы аркылуу обочолонуп турган, эмне менен жана эмнеге бекемделип турганы белгисиз "микрашлардын" катарынан да өзгөчөлөнүп турат.

Жөн жерден "Өйдө жакта" деп айтылбаса керек. "Өйдө жакта" дегенибиз түштүк тарап. Бишкектин күңгөю тескей, тескейи күңгөй. Мындайча алып караганда. Турмуш шартын чие кесип өткөн сыйкырлуу ой жүгүртүү тагдырыбызга жазылган экен.

Эгерде кызгылт ашкана-кутуча Жибектин дүйнөсүнүн алгачкы чеги болсо, 6-кичи район — кийинки, жашыл чеги. Аны, "алтынчыны" өзүнчө мактап ырдоо керек. Балким, анын мүнөзүнөн биз али алыстай элек, тескерисинче, физикалык дүйнөсү аркылуу анын ички дүйнөсүнө тездик менен жакындап бараткан биздин каарман муну колго алат чыгар.

Беркисинин уялчаактыгы тигисинин бөтөнчөлүгүн сиңирип жатты, мындагы анык логиканы айта турган болсок, бул Жибек феномениндеги бир нече карама-каршылыктардын бири, башкача айтканда, кантип анын супер жабык мүнөзү элдин көз алдына ачылып чыга келди, кантип "микро" район "макро" сезимге айланган, кантип ичиндеги "алтынчы" бардык "тургундар" үчүн экуменага айланган, кантип түнт адам бардыгын бири-бирине жакын кылган — эч бири колго ала албас байланыштарды орноткон.

"Тургундар" деп Жибек бишкектиктерди атайт
Мен кичинекей детальдар менен ойногонду жакшы көрчүмүн.

Мен кичинекей кезимден баштап эле уялчаак болчумун. Кадимкидей эле кыргыз үй-бүлөсүндө тарбиялангам: "Каякка баратасың? Чуркаба. Жөн. Тийбе. Кармаба. Сеники эмес".

4-класска чейин дүкөндөн бир нерсе сатып алуудан тартынчумун. Камырга оролгон сосисканы өзүм жалгыз сатып ала албачумун, анткени мени шылдыңдаша тургандай сезиле берчи, элестетсең? Бизге тууган эжекем менен чоң коңгуроо болгондо буфетте жолугабыз деп сүйлөшүп алганбыз. Ал мага ийилип, эмне жээримди сурачу. Мен пирожок деп шыбырап, ага 5 сомумду сунчумун. Ал мага алып, калган акчасын кайтарып берип, ушул менен иш бүтчү. Кийин эжем башталгыч классты бүтүп кеткенде мен болсо:

"Ииий. Черт, мен эми кантип жейм?"

"Апам баарын сактап коюптур".
"Мээ сага 100 сом, мага газета алып келип бер, арткан акчаны өзүңө калтыр", — деп атам айтчу. Ал убакта бул чоң сумма болчу да, мен болсо: "Каап, 100 сом…. Менде даана 100 сом болот". Бирок эшикке чыгып, "Комсомолканы" сатып алып келиш керек эле да. Ичтеги бул тирешүүлөр (түйүлгөн муштумдарын жайдан бири-бирине жакындатып) : "Мен дүкөнгө барбайм. Кереги жок мага 100 сом" деген ой менен бүтчү.

Азыр булар менен бөлүшүп жатып, чындыгында оор болгонун түшүнүп турам. Элге аралашуу кыйын. Такси же пиццага буйрутма берүү уят нерсе сымал. Бул жөнөкөйдөй эле көрүнүшү мүмкүн. Кантип мындай нерселер оюңа келет, туурабы? Бирок мен мындай учурларды башыман өткөрдүм.
Мен журналистика тармагына тапшырдым. Эмне үчүнбү? Мунун мага кандайдыр бир жардамы тиет деген ойдо.

"Бешинчи каналда" практика өтүп жаттым эле. Комментарий алуу же жолугушуу тууралуу сүйлөшүш керек болчу. Жанымда журналисттер, операторлор бар эле. А мен болсо коридорго чыгып алып, шыбырай: "Алло, саламатсызбы! Бул мини... хм.. айыл чар...министрлиги...? Уруксатпы...? Комментарий алсам... ...Эми....". Оозумдан бир дагы сөз чыкпай калчу. Сыртка чыгып, машыгып, чалып кайрадан кирчүмүн.

Мага кыйын, мага оор. Ар бир жолкусунда мен ушул учурлардын үстүнөн иштечүмүн.

"ынтымак" кафеси
"ынтымак" кафеси
Жибек 22 жашында университтети бүтөөр замат "Тазалыкка" келген. 14 жаштагы кыздай көрүнчү.

Мени тоготуп да коюшчу эмес. "Кайсы мектепте окуйсуң?", "Сени ким айтат пресс-секретарь деп?", "Деги иштей аласыңбы?". А мен болсо: "Иштей алаттырмын.... Аракет кылам".
Эмне кылам? Кандай кылам? Алгачкы жумуш. Эч кандай көрсөтмө жок. Баары түшүнүксүз. Бул тумандан чыгуу үчүн Жибек соцтармактарга "Тазалыкты" каттоо менен баштады, бул кийинчерээк анын ишмердүүлүгүнүн сахнасына айланды. Алгач бош баракча аны аң-таң кылды, пресс-релиз тилинде жазууну каалабай жаткандыктан эмес, андай кылуу болчудай эмес эле.

Баракчасындагы биринчи эле постту киргизүүнүн алдында Жибек "ишмердүүлүктү чагылдырууну" жеке күндөлүгү катары кабыл алды. Өз сөзүң менен. Өз тилиңде. Ошентип, кызмат менен "карапайым" шаардыктардын ортосундагы "көпүрөнүн" курулушу башталды — төрт бурчтуу салмактуулукту айланып өтүү менен түз эле жандуу нервдерге.
— Орнотуу. Куруу. Аткаруу. Далилдөө. Биринчи эки ай ушуларга кетти. Мен чатка бир нерсе жазганда мастер, участок башчыларынан турган 40 киши мени тоготпой коюшчу. Арызданууларынын сүрөттүк отчетун алган тургундардан "Рахмат, Тазалык!" деп бир канча ирет келгенден кийин өзгөрүлдү. Алкыш алуу кимге жакпасын, көрсө ушинтип эле адамдарга жакса болот турбайбы.

Бардыгы жек көргөн кызмат бара-бара башка өңүттөн тааныла баштады.

Кхе-кхе... Андай да болгон... Коридордон мага келип: "Э, не чатка ыргытып атасың? Мага эле личкага эметпейсиңби? Бат эле жасап коём". Мунун баары ашыкча жүк да, ал өз ишин аткарып жаткан учурда, мен ага: "Бул жерге азыр дароо барышыңыз керек", — деп жазып жатсам. Бригаданы линиядан алып, бир жерге жөнөтүү. Бул ага тоскоолдук жаратат.

"Ээ", — деп ушундай реакция кылышчу.

Жаныбызда "Ынтымак" ашканасы бар эле. Анан адамдардын оюнда: барып 100 сомго лагман жеп, чай ичип, баарлашып, каткырып чыгабыз, а сен участоктогу таза кылынбай калган бөлүгүн чатка жөнөтсөң эле, бүттү, басма-сөз катчы алар үчүн саткын: сен мени сатып кеттиң. Мунун керек экендигин, баарыбыз үчүн жакшы экендигин, "Тазалыктын" жүзүн жарык тутуу үчүн болуп жатканын алар түшүнүшчү эмес.

Мен аларга: токтогула. Бул деген биздин жумуш да. Биз адамдарга көмөк көрсөтүшүбүз керек. Алар салык төлөшөт, а биз кызматыбыз үчүн маяна алабыз. Эмне себептен биз бир нерсени жашырып, бир нерсеге көз жумуп коюшубуз керек.

Баарыңарды жек көрөм. Бүт таштандыңар менен кошо.

Ишкананын директору алдамчы бала кыялынын ордуна Жибектин шык-жөндөмүн байкап, жамаатта биринчилерден болуп Жибектин тарабына өткөн. Атайын жыйында бетке айтканды жакшы көргөн Рыспек Сарпашев, Жибектин тургундардын кайрылууларынын үстүндө иштеп, аларга көрсөтүү-кайтарым байланыш ыкмасын кимдир-бирөө четке кага турган болсо, жаза алаарын билдирген. Кыскасы, ал баарын "урушуп чыккан".
— Ал учур эсимде. Ал жыйындан чыкканда өзүмдү америкалык тасмаларындагыдай сездим: баары сага каршы. Чачым экиге өрүлгөн, кебетем жаш баланыкындай. Эшиктин алдында топтолуп турушуптур: Биринчи Май району, Октябрь, Свердлов райондору (биз бригада болуп иштечүбүз да).

Мени көздөрүнүн кыйыгы менен карашып, монтип муштумдарын түйүп алышып турушат (Жибек назик жылмаюусу менен, катаал муштумду туурап жатат). Блин, ал жакта негизинен эркектер иштейт да, бирөө мага жакын басып келип: "Сен эркек болсоң, эчак эле жыга чапмакмын!" — деди. Каштары да өсүп биригип калган (ынтымактуу бирдиктүү сызыкты көрсөтүп).

Өзүн күнөөлүү сезгендиктен, Жибек альтернативаны сунуштады: ошондой эле, бирок өзүнчө, жетекчилик жок "өзүбүздүн" чатты түзөбүз, ошентип "достошуп аларбыз". Жарайбы? Жарайт! Ошол кезде күзүндө суугат маалында кайрылуулар жамгырдай жаай баштады, кесиптештери берген убадаларында турушкан жок, бир дагы маселе чечилген жок, интернетте реакциясыз сын-пикир басымга айланды. Жибектин иши жылбай, кыйрай түштү, жерге бүк түшүп, ыйлап жиберди — таарынууну чечти. "Мен баарыңарды жек көрөм. Бардык таштандыңарды. Билгениңерди кылгыла".

Үч күн жумушка чыкпай койгондон кийин, участок мастерлеринин делегациясы: "Эмне кылып жатасың? Кел, торт алып беребиз. Жумушка чык".

Жибектин "Тазалыкка" жасап чыккан кампанияларынын бири. Акчасы жок, бартер жолу менен.
— Мындай учурларды башыбыздан өткөрүп жаттык. Кийинчерээк бул бир иштелип чыккан схемага айланды: мен арызды группага жөнөтөм — жумушчулар аткарат — сүрөткө тартат — мага жөнөтөт — мен тургундарга сүрөттү жөнөтөм — кайрылуулары үчүн ыраазычылк билдирем. Чынжыр аяктайт, мен чатка жазам: "Мыктысыңар!". Бүттү — анан ар ким жумушуна.

Убакыт өткөн сайын жумушту аткаруу боюнча рекорд коё баштадык. 8 мүнөт ичинде аткарып жаттык (2 сааттан башталган). Точкага да жетиш керек да. Ким жанында болсо, башка иши бар болсо дагы, бул ишке киришет, а аны башка бирөө алмаштырып турат. Канчалык көп жооп берген сайын, ошончолук көп кайрылуулар боло баштады. Анткени адамдар биздин аткараарыбызды билишти. Бүт "лента" толугу менен бизде болчу.

Ушинтип менин командам пайда болду. Бир үй-бүлө сыяктуу. Баары колдошчу. Эң негизгиси мени түшүнүштү. Аркама жөлөк боло турган жетекчи туш келди. Кийинчерээк мага жеңил боло түштү.

Башкача айтканда, ойлоп тапканымды баары бир ишке ашыраарыбызды билгем. Муну кылыш керек. Биз аны аткарып жаттык.

аюу изделүүдө
аюу изделүүдө
Мамлекеттик кызматка келгенде көпчүлүгү аткарыла турган иштеринен сырткары эч нерсе көрбөй калат (жеке, б.а. чыгармачыл тарабы өчөт). Жибек өз оюнда "чиновница" болуп чыга келген жок, тескерисинче ишке, өз милдеттеринен тышкары, чыгармычылык-жаратмандык да зарыл экендигин сезди. Маалымат талаасын багындыруу үчүн "Тазалык" таза, телегейи тегиз бойдон кала албайт эле, көлөмдүү болушу үчүн таштандыларды дагы көрсөтүш керек болчу. Башкача айтканда, кызматты жандандыруу керек эле.
— Эгер биз тургундардын арыздануулары аркылуу гана образ жарата берсек, бул бир аз негатив алып келет да? Ал эми эмоцияларды ооштуруп турсак… Башкача айтканда, алгач жалбырактан жүрөк жасадык, бул жагымдуу болду. Кийин биз кайрылуунун үстүнөн иштеп чыктык, бул суктанаарлык болду. Кийин биз көчө шыпыруучуга кыйкырып, жагымсыз сөз айтышкандарын, же болбосо таштандыга толгон арыкты көрсөтсөк — кеп бизде эмес да — бул тилектештикти козгоду. Башкача айтканда, комбо. Бир эле багытта иш алып барбашыбыз керек. Мунун баарын жөнгө салып, көзөмөлдөп туруу керек.
Адамдардын эмоциясын ооштуруп туруу керек — мен муну кийин түшүндүм. Ошондо гана кызмат көйгөйүнүн айынан бугун чыгарып ыйлай дагы турчу, кээ-бир жерде көңүлүн жубатып, сооротуучу дагы дос же курбу сыяктуу болуп калат. Бул турмуш тууралуу.

Мен адамдарды сезе алам. Бул нерсе менде бар. Мен алар эмнени каалап жатканын көрө алам. Мен алдын-ала эле билип турчум: азыр муну кылам — ага тургандардын реакциясы мындай болот.

Сезимдерге таасир этүү, аларды интуитивдик жол менен багыттоо жана эң негизгиси формалдуу структураны бүтүндөй театрга (көрүүчүлөр бар; же комментаторлор) жайылтуу жөндөмү Жибекке тышкы дүйнөнү өзүнүн маңызы менен — сүрөтчүлөрдөн эң эркини, бала катары — толтурууга жана ошону менен бирге өзү бойдон калууга да мүмкүндүк берди.

Өзүн эрктүү көрсөтүү башка баланын жарыкка келүүсүнө түрткү болду. Ташталып кеткен жана олуттуу коом баарынан да мурун достошууну, аны менен достошууну каалагандарын эңсейт, а муну Жибек баарынын көзүнчө баарына ачыктады.
Биз көңүл бурулбай калган балдар сыяктуубуз.

— Аюу оюнчугум бар болчу. Мага аны атамдын досу белек кылган. Ал жөн гана сарайда жатчу. Балким, аны аянттагы балатынын астына коюп койсомбу деп ойлонуп жаткам. Мен аны сөзсүз уурдап кетишээрин билгем. Анткени бизде бир нерсени алып кеткенди жакшы көрүшөт. Ал жерге коюп коё турган болсом, жагымдуу болор эле, ал бир. Эгер аны уурдап кетишсе, жаңжал чыгат, бул эки. Бизге боору оорушуп: "Эмнеге аюуну уурдап кеттиңер, ал жакшы ниети менен койбоду беле?" — деп айтышар. Издеп башташканда, бул үчүнчүдөн, себеп болот.
Анан... Анан мен мунун мындай болуп өрчүп кетээрин билген эмесмин. Балдар келип, уурдалган аюнун ордуна өздөрүнүн оюнчук мамалактарын коюп кете башташты. Милиционерлер болсо кайрадан уурдап кетишпесин деп, кечинде аларды өздөрүнүн палатасына киргизип алышчу. Кайрадан эле, бул жагымдуу да. Башкача айтканда, "жагымдуудан" баштайсың да, жаңжал аркылуу баары биригип кимдир-бирөөнү издешет, анан кайрадан башына таптакыр башка адам болуп кайтып келишет.

Ого бетер чучугуна чейин тие турганчалык: "Эгер колуңдан келбесе, эчак курулган нерсени талкалаба" деген кошумча жазуусу да бар болчу. Эки тилде жазылган. Аюнун свитеринин ичине бекиттим, алдын ал аюуну үйдө сүрөткө тарттым, андан соң аянтта тарттым. Койдум. Бүттү — эртеси аны уурдап кетишти.

соцтармактардагы Жибектин үч бөлүктөн турган спектакли
аюу бар
аюу жок
аюну кайтарып беришти

Пост жарыяланар замат коомдук резонансты жаратты. Мага Биринчи Май районунун милициянын подполковниги же полковниги чалып: "Саламатсызбы, Жибек Каракеева! Сиз аюуңузду жоготуп алдыңызбы? Бизге аны тапкыла деди. Сиз арыз жазышыңыз керек". Чындап айтып жатасызбы? Эмне үчүн мен РИИБге барышым керек. Керек болсо өзүңөр келгиле дедим.

Милиционер келип, колундагы папкасы менен коридордо турду. Мамам кабатырланып алган: "Ой, менин кызым эч качан жаман нерсе кылган эмес, жакшы окучу, жолдон дагы туура өтчү, анан эме...". Бул эмне болгон "трэш" деп ойлоп койдум.
"Мен, Каракеева Жибек, жумшак аюумду койгом... Баланчанчы числодо. "Ала-Тоо" аянтындагы балатынын астына. Ал мен үчүн эч кандай мааниге ээ эмес. Дооматым жок. Издөөнү токтотууну суранам. Чекит". Кол койдум. Датасын койдум. Болду, иш жабылды. Кызык эми.

Мен муну буга чейин айтып берген эмесмин, азыр болобу ээ? Ушунча убакыт өттү.

Адамдар менен жакындай баштаганың, пиарчылар үчүн ыңгайлуу стратегия. Силерди бир нерсе бириктирет. Бул — аянт. Өлкөнүн эң негизги балатысы. Биздин жалпы тарыхыбыз. А бул окуя жаңы жылдык жомокко айланып калды, аю жоголду. Балдар биригип, оюнчуктарын алып келишти. Жоголгондорунун ордун толуктадык. Өзүбүз. Бул окуя 300 сом турган аюудан башталды.

сүйүү вай-файы
сүйүү вай-файы
Кимдир-бирөөнү "эрке" деп айтуу айыптаган сыяктуу. Келгиле, биз муну тартышып көрөлү — иш жүзүндө таптакыр башкача болушу мүмкүн. Тек гана кичинекей мекенибизде (балалык чагыбызда) берилген чексиз сүйүү, аны алган адамды күчтүү тамырлары аркылуу чексиз азыктандырат: өмүр бою, бүт тулку боюн.
Ал адам аркылуу бул сүйүү көбөйөт, аны айыгууга түртүү менен сырткы дүйнөгө вай-фай сыяктуу таркалат. Аны өзү менен өзүн таттуу мамиледе болуусуна алып келет.

Жибек мындай таасирди калтырды. Анын бардык бөлүктөрүнөн кабардар сыяктуу.
Жибек, Бишкекте адамдар үчүн эң маанилүүсү эмне?

— Көңүл. Биздикилер көңүл бурсаң жакшы көрүшөт. Биз көңүл бурулбай калган балдар сыяктуубуз. Бизге маанилүү, бирок бизди ойлобогон бир адам бар сыяктуу. Мындайда биз өзүбүз эле биригип, кандайдыр бир жакшылыкты андан-мындан издеп, бир нерсе жасагыбыз келет. А бирок (ошо эле сөөмөйү менен ойлуу каккылап), баарыбызга кандайдыр бир жайлуулук (уют), сүйүү жылуулугу жетишпей келет. Комплименттер, жылмаюулар, жылуу сөздөр. Бизди уга билүү. Ушулардын баары.

Үй деген эмне?

— Бул сени жакшы көргөн жер. Бул жерде мени жакшы көрүшөт: үйдө дагы, "алтынчыда" дагы, шаарда дагы. Мен толук сүйүүдө чоңойдум. Атам, апам эркелетишчү. Баарын кылышчу. Эч бир жамандык көргөн жокмун.

Сен мага алма алып келип бердиң, мен болсо: "Рахмат! Кийинкисинде сага алмурут сатып берем", — деп ойлоп койдум. Ушундай эле да, туурабы? Баары ушундай түзүлгөн да?

Кам көрүү. Алмашүү. Сүйүү. Жагымдуу.

Текст 2023-жылдын сентябрь айында жазылган.

"Кадам" ким тарабынан жасалган:

Текст, верстка, концепция — Рахат Асангулова
Идея, менеджмент, продюсерлик иш — Айнура Сагын
Капкактардан куралган портрет — Дмитрий Петровский
Видео жана сүрөт — Баястан Сабыров

Долбоордун өнөктөштөрү — "Шоро" компаниясы

©"Кадам", 2024. Бишкек, Кыргызстан. Концептуалдык, тексттик, фото жана видео материалдарды, дизайн жана тариздөө элементтерин кандай гана болбосун пайдаланууга же көчүрүүгө укук ээсинин уруксаты менен гана жана булакка шилтеме берүү менен гана жол берилет: https://kadam.to/zhibekarakeeva/ky