"КАДАМ". ЖАЛАЛ-АБАД

ГУЛЬШАИР АБДУЛЛАЕВА

ЛАБОРАТОРИЯ ИЧИНДЕ

"КАДАМ". ЖАЛАЛ-АБАД
ГУЛЬШАИР АБДУЛЛАЕВА
ЛАБОРАТОРИЯ ИЧИНДЕ

Окуунун убактысы: 25 минут.

Шашылбай шашкыла.

Окуунун убактысы: 25 минут.

Шашылбай шашкыла.

Бул текст котормо болуп саналат. Оригиналы БУЛ ЖЕРДЕ

Бул текст котормо болуп саналат. Оригиналы БУЛ ЖЕРДЕ

Гульшаир Абдуллаева Жалал-Абад облусунда эле эмес, дүйнөдө сейрек кездешүүчү адис. Ал радиолог катары Кыргызстандагы өзгөчө локация —Майлуу-Суу шаарындагы лабораторияда эмгектенет. Гульшаирдын суудагы жана чаңдагы уранды аныктоочу өлчөөлөрү бул участокту эң керектүү нерсе — тобокелдикти өз убагында байкоо менен камсыз кылат.

Майлуу-Суудабыз, туңгуюкка кептелип калгандайбыз. Радиологиялык лаборатория санэпидстанциянын жертөлөсүндөгү эки бөлмөдөн жана төрт адамдан — инженер-химик, инженер-физик, жетекчи жана жарым шаттагы техник-дозиметристтен — турат. Алмаз гигиенасы, марли, аппараттар. Биердеги абал боюнча босогодон эле суроо узатуу адепсиздей сезилет, адегенде "ичин" жакшылап карап алуу керек. 2,5 сааттык сүйлөшүүдө Гульшаирга 2,5 эле суроо берүүгө туура келди. Башында, аягында жана эң аягында. Ортодо бүтүндөй окуя жатат.

Собол сала баштадым: "Кайда төрөлдүңүз? Анан эмне кылдыңыз?". Гульшаир жылуу жылмайып, токтоо жооп берет.
Дозиметрист радиоактивдүү нурлануунун дозасын аныктайт

1

1
— Мен Кочкор-Атада туулдум. Бул жерден жарым сааттык жол.

Илим багытын тандап алганым ооруп, эки-үч жыл ооруканаларда жатып калганыман болсо керек. Анан ал жерде эмне кыласың? Ооба, китеп окуйсуң. Бул 6-7 жашта болчу.

1996-жыл. Жалал-Абад университетинде Гульшаир автоматташтырылган башкаруу жана маалыматты иштеп чыгуу системаларын өздөштүрө баштайт – мунун артында перспектива бар. Диплом менен Гульшаир мугалимдик кесипти аркалайт. Туулуп-өскөн Кочкор-Атадагы техникумда, андан кийин Майлуу-Суу шаарындагы институтта жана мектепте – бул жерде жаш мугалим математика, физика, информатика сыяктуу бир катар дисциплиналар боюнча жооптуу болуп келет. Бирок билим берүүдөгү пара өңдүү система Гульшаирды бул тармактан четтетип, көздөрү Бишкекке бурулат.

— Билесизби, баары бир, тагдыр, агым, табият, бийик акыл, Кудайбы — билбейм, сени бир нерсе багыттап турат. Мени Майлуу-Сууга дайыма бир нерсе байлап турат. Жолдошум менен тааныштым. Мен эркин мамилени кааладым, ошондой эле болду. Ал мага жолукканда, мындай деди: сенин ден соолугуңда ушундай көйгөйлөр бар, бирок мен сага жардам бере алам, кетпе, мен сени заводго жумушка орноштурам. Кызыктуу, туурабы? Ал кайдан билет? Биз үчүн баары ушул жерден башталды.

Майлуу-Суу лампа заводунун лабораториясына техникалык билими бар адам керек эле. Мен лаборант болуп жумушка киргем, алар спектралдык анализ боюнча инженер издеп жатышкан. Мен кыла албайм дедим. Алар болсо "лабораторияга өтүп, карап көрүңүз, балким сизге жагат" дешти. Карасам чоң жабдуулар турат. Мына, ушул жерде иштейсиң дешет. Мен кайра эле кыла албайм дейм...

— Отур, азыр сүйлөшөбүз. — Биз отурабыз. Алар мага суроолорду беришет. Мен жооп берем. — Мен жасай албайм, кылбайм. Мен буга окуган эмесмин. — Биз сага баарын үйрөтөбүз. Балким химик болосуң? Дароо. — Мен химик боло албайм! — Макул, спектрдик бөлмөгө барыңыз.
Фото: Баястан Сабыров.
Фото: Баястан Сабыров.
Чынында эле, бир нерсе жасап баштаганда жана ал сага жакса башкача кыла баштайт экенсиң. Көрсө, лабораторияда иштөө меники экен. Анткени ар бир жасаган ишиң өзүңдөн көз каранды. Сенин фантазияңдан. Сенин каалоолоруңдан. Сенин талабыңдан. Өзүңө. Сенин натыйжаң ата-энелерден же башка мугалимдерден көз каранды эмес. Убакыттын өтүшү менен мунун баары мага жага баштады.
2
2
Уулу мектепте акыркы класста окуйт. Гульшаир аны төрөлгөндөн баштап жалгыз өзү чоңойткон. Төрт айлык ымыркайды багып, кайра заводго, лабораторияга — "нан табууга" жөнөчү. Күйөөсү менен түтүн булата алган эмес. Гульшаир экөөбүздүн таанышканыбызга 20 мүнөт болуп калды. Бул эрктүү аял. Ал илимдеги аял.

— Ошол спектралдык лаборатория мага база берди. Убакыттын өтүшү менен башка, жарыктандыруу бөлүмүнө которулдум. Ошол жерден бул аппарат башкача көрсөттү, мунусу башкача экенин байкадым. Бул модернизациялоо керек дегенди билдирет. Мен баары санарип болушун кааладым. Ооба, бул биз үчүн жеткиликтүү, биз муну жасай алабыз жана ал туруктуулукту жана тактыкты камсыз кылат. Мага программа иштеп чыгууну сунушташты, биз бүтүндөй жабдууларды, эки чоң лабораторияны модернизациялай алдык.

Мен ал кезде жаш болчумун, дагы эле бейкапар: кол коюп коёсуңарбы, макулдашып коёсуңарбы, мен программа түздүм деп эле басып жүрчүмүн. Адискөй адамдар менен иштегенде: шашпа, жок дегенде таң атканча коё тур деп айтышат.
Маселен, ал Гамиль Габасович Мананов — алдыңкы инженер, конструктор, заводдо колдонулуп жаткан көп сандаган приборлорду жана шаймандарды иштеп чыгуучу, же лабораториянын башчысы Татьяна Григорьевна, же ошол кездеги устатым Светлана Юрьевна Задорожная — мага фундаментти, үрөндү ошолор себишти.

Лабораторияны кантип таза кармоодон баштап, тастыктоочу документсиз эч нерсеге кол коё албайсың дегенге чейин – булар бизден адистерди чыгарып, курчутту. Мендеги тажрыйба аз-аздан жыйналды. Мен аны азыр бөлүшүүгө аракет кылам жана аны мен мүмкүн болушунча толуктайм. Мен азыр кандай болсом, ошол адамдардын эмгеги менен болду.

Ал оюнун ар бир сөзүн ташка чеккендей оюп: «Алар мен кийин бул жерге бир нерсе бере алчу ишти жасашты» деп «Кадамдын» башка каармандары сыяктуу эле кайра-кайра «Жалгыз дарак токой болбойт» дегендей ойду айтып жатты.
Фото: Баястан Сабыров.
Фото: Баястан Сабыров.
3
3
— Мен бул лабораторияга 2016-жылы келгем. Аспаптарга киргизилген калибрлөө коэффициенттери бир аз четтеп кеткен. Ишибизди текшерүү үчүн биз башка лабораториялар менен салыштыруу тесттерин өткөрөбүз. Бишкектеги Саламаттык сактоо департаментинин радиациялык коопсуздук башкармалыгы – аларда ошол кездеги абдан жакшы лаборатория жана адистер бар болчу. Биз суубузду тартып, салыштырууларды жүргүздүк, алар бизге иштебей койду. Флюза кесиптешим айтат: Гульшаир, сенде бир нерсе болуп жатат, изде.

Көрсө, эң ынтымактуу үй-бүлө радиологдор экен. Бизди чек аралар, аралыктар же башка эч нерсе бөлбөйт. Дүйнөдө мынчалык көп адистер жок, бири-бирибизди таанып, баарлашып турабыз. Кандайдыр бир көйгөйгө кабылганда: менде мындай болуп жатат, жардам керек деп айтасың. Алар сага жол көрсөтөт.

Украинада жакшы радиохимик Татьяна Валерьевна Лаврова деген аял бар. Ал мага муну кантип кылуу керектигин айтты. Мына бул аппарат – биз аны калибрлеп койдук. Бул абдан түйшүктүү иш. Ал эми Кыргызстанда биз ички калибрлөө киргизүүгө жана бул натыйжаларды өз ишмердүүлүгүбүздө колдонууга мажбур болгон жападан жалгыз лабораториябыз. Жыл сайын биз МАГАТЭ (Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик) тарабынан профессионалдык тестирлөөгө катышабыз жана жыйынтыктар канааттандырарлык. Бул аппарат бизди капа кылбайт. Бул биз үчүн чоң жетишкендик болду.

Мен табиятымдан күрөшчүлмүн. Мен көп нерсени жасай алам. Жумушта мени кыйынчылыктарды жеңүүнү үйрөткөн адамдар курчашты.
Фото: Баястан Сабыров.
Фото: Баястан Сабыров.
Дагы бир жолу аппараттын детектору иштебей калды. Аны тейлөө үчүн Москвадан атайын адис чакыруу керек болчу. Ал эми биз мамлекеттик уюмбуз, мүмкүнчүлүктөрүбүз чектелүү. Ислам менен ​​– биз бир командабыз – адистер менен байланыштык. Бизге баарын этап-этабы менен жөнөтүштү. Аны кантип өчүрүү жана күйгүзүү керек, кайсы бурамаларды бурап, кайдан бошотуш керек: "Бул жерде көрсөтмөлөр бар, бирок кесепеттерге биз жооптуу эмеспиз" дешти. Бул детекторду өз алдынча жана туура алмаштыруу – биздин экинчи жеңишибиз болду. Бул мыйзамсыз да. Бул мыйзамсыз!

Менин түшүнбөгөнүмдү түшүндүрөм деп Гульшаир каткырып күлүп жиберди: кеп олутту нерсе жөнүндө болуп жатат.

— Биз муну кылбашыбыз керек болчу. Атайын даярдыксыз бул куралдарды ачууга таптакыр укугубуз жок.
Каалоо да, энтузиазм да бар, бирок уруксат жок. Биз унчукпай ачып, эч нерсе кылбагандай түр көрсөттүк, баары кынтыксыз кетти.

Мен көп сүйлөйт бекем?

Украинадагы Татьяна Валерьевнага сабырдуулугу үчүн чоң рахмат. Бизде чоң кат алышуулар бар, анда ал акырындык менен баарын түшүндүрүп берди. Бул көп убакытты талап кылды. Иш муну менен эле бүткөн жок. Ал мени менен 4,5 жыл жол басып, мени адис кылды. Чынын айтсам билимге эч качан ач көздүк кылбагандар – радиологдор. Мен бул лабораториянын потенциалы алда канча чоң экенин айттым: биз полоний жасадык, бирок биз башка нерсе кыла алабыз. Ал эми Татьяна Валерьевна суудагы уранды аныктоого бизге алыстан жардам берди. Бул кийинки жетишкендик.
Экинчи лабораториянын жумушчусу, инженер-химик
4
4
— Мен бул жерде инженер-физик болуп иштегем. Азыр мен сапат боюнча менеджермин.

Стулду оор үшкүрүнө жылдырып, Гульшаир артка эңкейди.

— Мен эпилепсия менен ооруйм. Анын кесепеттерин ойлогон да жокмун жана майыптык боюнча арыз жаздым. Бул жаңылыштык менин бүткүл жашоомду бузуп салды десем болот. Көрсө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын зыяндуу эмгек шартында иштөөгө укугу жок экен. Ал эми 2021-жылы жогору жактан жөнөтүлгөн чоң прокурордук текшерүү келди. А мен болсо... таарынып кетип калдым. Эч жакка эмес, жөн эле кетип калдым. Бир жылдай өзүмдү табуу абдан кыйын болду. Наабайканада пряниктерди, дүкөнгө азык-түлүктөрдү таңгактап жүрдүм. Тигүүчү болуп иштегенге аракет кылдым. Бирок бул мен үчүн эмес экенин билчүмүн. Бул такыр меники эмес. Мен банкка жумушка орношконго да аракет кылдым, бирок алар менин ооруума байланыштуу кабыл алышкан жок.

Кийин уулум "апама жумуш керек" деп издеп жүрдү. Мага военкаматтан документтерди толтурууга орун беришти. Кагаздарды ирээтке келтирүү үчүн жүрдүм. Мага бул жумуш көп деле жаккан жок, военкомат ушунчалык тынч жер, жабык. А мен кыймыл көп, буркан-шаркан түшкөн жерге көнүп калгам.

"Мага жардам бергиле, бул илдет менен кантип иштесем болот?" — деп юристтер менен кеңештим. Азыр альтернативдүү жолдорду издемекмин, ошондогудай шашып кетпейт элем. Белгилүү бир учурду күтүүгө туура келди. Мен өзүмдүн кызматымды ошондо эле "сапат боюнча менеджер" деп өзгөртүп койсом болмок экен (бул украиналык адистин идеясы) жана бул ишимди аткара бермекмин. Ошондо алда канча көп иш жасамак экем, бирок эми буйруганы болду...

Гульшаир чоң жоготуу тууралуу кеп кылып жаткандай.
Ал, албетте, "ооруйт" лаборатория менен.
Фото: Баястан Сабыров.
Фото: Баястан Сабыров.
— 2022-жылы мени заводго айнек идиштерди чыгарууну өздөштүрүү үчүн бизге сыноолорду чече ала турган адам керек деп чакырышты. Ошентип, мен ушул эки жылдын ичинде заводдун борбордук лабораториясынын алдыңкы инженери болуп, методикалык жетекчиликти аткарып келе жатамын. Ал жерде менин негизги кызматым бар, бирок бул жерде "сапат боюнча менеджер" болуп жарым күн иштейм. Мен эмнени жакшы көрөм, эмнени жактырам, менин стихиям – бул жерде. Берки жакта айлык кармап турат. Эгер зарылчылык болсо бул жакка учуп келе алам.

Мен ишти уланта албаганыма абдан өкүнөм. Бирок жок дегенде лаборатория менен байланышым бар. Эртели-кеч бул жакка кайтууну пландап жатам. Көйгөйлөр пайда болгондо эмес. Комиссия келгенде эмес. Долбоордо бир нерсе кылуу керек болгондо жана ал ишке ашпай калганда эмес. Зыяндуу эмгек шарттарында иштей алгыдай кылып калыбына келтирүүгө аракеттендим, мыйзамдарды, статьяларды издеп. Менде бул ишке ашкан жок. Ушул эле жол менен бул жердеги өзүмдүн жумушума кайтып келүү үчүн көп нерсени бермекмин. Жөн эле иш кагаздарын жүргүзүү менен чектелбестен, лабораториялык ишмердүүлүккө кайтып келүүнү кыялданам.

Кайра-кайра:

Мен бул жакка кайтып келүү үчүн көп нерсени бермекмин. Эгерде бул кагаз жок болсо, менин карьерамга чекит коё алышмак эмес. Убакытты артка кайтара алсам, жашоомду бир аз башкача өткөрмөкмүн.

Билесизби, башкалардын колунан келбеген нерсени жасаганда өзүңө-өзүң канааттануу сезими күч болот. Мен бул жерден эмне таптым? Өтө жандуу, боорукер адамдар, мен мындай адамдарды көргөн эмесмин, эч жерден жолуктурган эмесмин. Акылдуу, сабырдуу, боорукер жана принципиалдуу. Булар эмне кылыш керек болсо, ошону кылган адамдар. Бардык суроолорго радиологдор "анткени ушундай керек" деп жооп беришет.

Мен лабораториянын башында тургандардан эмесмин. Бул биздин жетекчи, санэпидстанциянын башкы врачы Немат Шерикбаевичтин 2000-жылдары жараткан эмгеги. Бирок мен өзгөчө бир нерсени үйрөндүм. Өзгөчө адамдарды ушул жерден таптым. Түздөн-түз ушул лаборатория аркылуу. Кетип жатканда байланышты такыр үзүп таштайм деп чечтим. Бирок анте албадым. Мен үчүн бул лаборатория чындап эле менин жан дүйнөмдүн бир бөлүгү.
5
5
— Азыр экинчи жолу лабораторияны Бишкекте аккредитациялоого даярданып жатабыз. Документтерибиз бар, бирок кадр маселесинде маселе бар. Ички аудитор катары жумушка алуу үчүн адис таба албай жатабыз. Бизди көзөмөлдөй турган Ошто облустук башкармалык бар. Алар жооп берип, биздин аккредитация аймагыбызды сурашты. Биз аларга эмне кылгыбыз келгенин жөнөткөнүбүздө, алар: биз мунун жарымынан көбүн жасап баштай элекпиз, силер үчүн аудит жүргүзө албайбыз дешти. Документтерди тапшыруу үчүн мен ички аудит жүргүзүп, оңдоо чараларды көрүшүм керек.

Лаборатория үчүн аккредитация деген эмне? Бул анын эл аралык деңгээлдеги компетенттүүлүгүн таануу. Ошого жараша эшиктер ачылат. Алар: ооба, сен абдан жакшы адиссиң, бирок аккредитацияланган лабораторияда иштесең гана техникалык эксперт болууга арыз бере аласың дешет. Ушул учурга чейин эч нерсе жок.

Качандыр бир убакта бул маселени чечип, баштаган ишибизди аягына чыгарабыз деп ойлойм, анткени бул жердеги менин түз ишмердүүлүгүмдүн акыркы жыйынтыгы аккредитациялык сертификат алуу болуп саналат. "Ооба, мен ушуну жасадым" дегендей.
Мен дагы эле лабораториямда калдым. Мен аны аккредитациядан өткөргөндө муну менен эле токтоп калбайм. Ошондой эле керектүү билимди жана тастыктоочу документтерди алам. Анан эртеби-кечпи мен техникалык адис болом. Менин азыр бир гана жолум – эксперт болуу.

Бардык ушул жагдайларда мындай чечкиндүүлүк сизге кандай? Татаал ички турмуш катмар-кабат ачылып турат. Алдыңкы лаборатория — ал ичинде.

— Эл аралык эксперттер лабораторияга жан киргизгенибизди, биз көп нерсени өзгөрткөнүбүздү, мурда кандай болгон жана кийин кандай болгон – бул абдан чоң айырма экенин айтышты.

Биздин лаборатория өз чөйрөсүндөгү эң мыктылардын бири деп айта алам. Кыргызстанда төрттөй консолидацияланган радиологиялык лаборатория калды. Оштогулар силерге жеткиче көп бар дешти. Бишкек жакшыраак жабдылган, бирок алар биз жасай турган кээ бир сыноолорду өткөрө алышпайт. Мисалы, уран изотопторун альфа-спектрометрдик ыкма менен аныктоону айтсак болот.

Биз сууда 226-чы радийди, 210-чы полонийди, 210-чу коргошунду аныктайбыз. Суудагы жалпы альфа жана бета активдүүлүгүн аныктайбыз. Эми биз муну чаңда жасай алабыз.
Майлуу-Суу шаарындагы радиологиялык лаборатория
Майлуу-Суу шаарындагы радиологиялык лаборатория
6
6
Гульшаир Майлуу-Суудагы кырдаалды драмасыз түшүндүрүүгө аракет кылып жатты.

Ичүүчү сууну жана Майлуу-Суу дарыясынын суусун текшеребиз. Билесизби, Майлуу-Сууда биздин булак суубуз эң сонун, жалпысынан эң сонун. Бул абдан жумшак, дээрлик эриген сыяктуу, мөңгүдөй.

Ооба, бул дүйнөдөгү эң булганган жерлердин бири. Майлуу-Сууда мындай радиологиялык лабораториянын болушунун өзү эле бизде уран мурасы деп аталган объекттердин абдан көп экендиги менен негизделет. Элестеткиле, кандайдыр бир калдык сактоочу жайды дарыяга жууп кетиптир, ал агып кетти. Бул катастрофа Кыргызстандын ичинде гана эмес, иш жүзүндө бүтүндөй Фергана өрөөнүнө таасирин тийгизет. Бул глобалдуу экенин биз эле эмес, дүйнөлүк коомчулук түшүнөт.
Жана дагы көп балдар кандайдыр бир майыптык менен төрөлөт. Мен 20 жыл мурун бул жерде иштей баштаганда мындай учурлар бирин-серин болчу. Андан ары бул сан дагы өстү.

Таштандылардын көбү Майлуу-Суу дарыясынын түбүндө жайгашкан. Жада калса биз көмгөн калдыктар да радиоактивдүү элементтерди жана радионуклиддерди бөлүп чыгарат. Биздин эң сүйүктүү жана атактуу №5 калдык сактоочу жайыбыз бар. Ал жерден тунук суу агып жатканын элестете аласызбы? Таза! Бирок ал булганган жана аны ичүүгө болбойт. Анан, мисалы, уйдун артынан, малдын артынан барган балдар – жуунушту, ичишти... А бул белгилүү бир чектен чыгып кетсе... Ар кандай факторлор бар...

Ыктымалдуулук жөнүндө сөз болуп жатат окшойт. Майлуу-Сууда анын шансы ар дайым жогору.
Фото: Баястан Сабыров.
Фото: Баястан Сабыров.
Мен экинчи суроомду берем: "Эгер силердин лабораторияңар жок болсочу?".

— Элестетиңиз: балаңыз оорулуу, бирок дени сактай, сиз аны карабайсыз. Сиз ага туура көңүл бурбайсыз, температураны өлчөбөйсүз. Биз тобокелдиктерди азайтуу жана тез арада аныктоо үчүн иштейбиз. Биздин изилдөөчүлөр талаага чыгышат. Алардын астында эбегейсиз зор тонна уран көмүлгөн жерлер бар. Германиядан бир жигит келип: "Мен силер менен бул талаага барбайм. Себеби мен турмуш кура элекмин. Балдарымдын дени сак болушун каалайм", – деген.

Майли-Сай эми бала эмес, бирок чоң киши да эмес. Балким, ооруп жаткан өспүрүм. Бул айыгышы керек болгон жарадар өспүрүм. Ал тургай, айыгуу жолун билет. Дарыгерлерден да кабардар. Бирок ага акчасы жок.

Мунун баарын көзөмөлдөбөсө, процесс башкарылгыс абалга кептелет. Ал эми ал жерден кандайдыр бир ыңгайсыз учурда жарылып кетиши мүмкүн болгон жарылуучу газга дуушар болуу ыктымал. Эмне болуп жатканын алдан ала билген жакшы.


Акыркы суроо:

— Кыргызстанда уранды иштетүүгө мораторий алынганда ичиңизде реакция болдубу?

— Ооба, бизден муну дайыма эле сурай беришпейт ... Мен практикадан билем: коопсуз тоо-кен казып алуу үчүн методология бар. Бирок биздин ар дайым "өзүбүздүн вариантыбыз" бар да. Биз бир жерден бир нерсени үнөмдөп, кыскартууну каалайбыз, ал сөзсүз түрдө келечекте сыртка чыгат. Биз кооптуу технологияларды коопсуз колдонуу үчүн ички уюштуруу деңгээлине жете элекпиз. Ошондон кутулуу абдан кыйын болот.

Шаардан чыга бериштеги «Гүлдөй бер, шаарым Майлуу-Суу» деген жазуу боюнча ой толгоону таксисттин "Биз тупиктебиз да, эже. Сразу кете албайбыз" деген сөзү бөлүп жиберди. Балким, дароо эмес. Бирок биз ичиндебиз.



Рахат Асангулова.

Интервью 2024-жылы аяк оона айында, текст 2024-жылы жетинин айында жазылган.

Интервью 2024-жылы аяк оона айында, текст 2024-жылы жетинин айында жазылган.

Портреттин дареги / Адрес портрета: Бекмамат Осмонов көчөсү, 105 (Жалал-Абад)
Портреттин дареги / Адрес портрета:
Бекмамат Осмонов көчөсү, 105 (Жалал-Абад)
"Кадам" ким тарабынан жасалган:

Идея, менеджмент, продюсерлик иш — Айнура Сагын
Сайт, тексттер, концепция — Рахат Асангулова
Капкактардан куралган портреттер — Дмитрий Петровский
Видео жана сүрөт — Баястан Сабыров

Долбоордун өнөктөштөрү — "Шоро" компаниясы

Кем сделан «Кадам»:

Идея, менеджмент, продюсирование — Айнура Сагын
Сайт, тексты, концепция — Рахат Асангулова
Портреты из крышек — Дмитрий Петровский
Видео и фото — Баястан Сабыров

Проект «Кадам» был реализован при поддержке компании «Шоро»
"Кадам" ким тарабынан жасалган:

Идея, менеджмент, продюсерлик иш —
Айнура Сагын
Сайт, тексттер, концепция —
Рахат Асангулова
Капкактардан куралган портреттер —
Дмитрий Петровский
Видео жана сүрөт —
Баястан Сабыров

Долбоордун өнөктөштөрү —
"Шоро" компаниясы

Кем сделан «Кадам»:

Идея, менеджмент, продюсирование —
Айнура Сагын
Сайт, тексты, концепция —
Рахат Асангулова
Портреты из крышек —
Дмитрий Петровский
Видео и фото —
Баястан Сабыров

Проект «Кадам» был реализован при поддержке компании «Шоро»

©"Кадам", 2024. Бишкек, Кыргызстан. Концептуалдык, тексттик, фото жана видео материалдарды, дизайн жана тариздөө элементтерин кандай гана болбосун пайдаланууга же көчүрүүгө укук ээсинин уруксаты менен гана жана булакка шилтеме берүү менен гана жол берилет: http://kadam.to/jalalabad/ky


©«Кадам», 2024. Бишкек, Кыргызстан. Любое использование либо копирование концепции, текстовых, фото и видеоматериалов, элементов дизайна и оформления допускается лишь с разрешения правообладателя и только со ссылкой на источник: http://kadam.to/jalalabad/ky

©"Кадам", 2024. Бишкек, Кыргызстан. Концептуалдык, тексттик, фото жана видео материалдарды, дизайн жана тариздөө элементтерин кандай гана болбосун пайдаланууга же көчүрүүгө укук ээсинин уруксаты менен гана жана булакка шилтеме берүү менен гана жол берилет: http://kadam.to/jalalabad/ky


©«Кадам», 2024. Бишкек, Кыргызстан. Любое использование либо копирование концепции, текстовых, фото и видеоматериалов, элементов дизайна и оформления допускается лишь с разрешения правообладателя и только со ссылкой на источник: http://kadam.to/jalalabad/ky