"КАДАМ" 2-ПОРТРЕТ
АЙНУРА ИСАЕВА
КЕЛ, МЕНИН ЧАТЫРЫМДЫН АЛДЫНА
"КАДАМ" 2-ПОРТРЕТ
АЙНУРА ИСАЕВА
КЕЛ, МЕНИНЧАТЫРЫМДЫН АЛДЫНА
Бул текст котормо болуп саналат.
Мен сөзгө жокмун, кара жумуштун кишисибиз да, — маек курганга көнбөгөн адамдар кандай отурушса, Айнура эже дагы дал ошондой түптүз отурат. Колдору тизесине коюлуп, анын моюну алдыга диктофон тарапка карай катуу сунулуп турат.

Бугуңду чыгарбасаң, оорлоп кетесиң, — чын жүрөктөн ачыкка агынан жарылган эки сааттан кийин, түнтүп кирген маектеш мүмкүн болгон эң сонун батасын берет.

Шоро эже өзүн эркин сезип, маек жаздырып жатканыбызды унутуп койду.

Эгер сиз бул баракты көчөдө капкак портреттин алдында туруп ачкан болсоңуз, аны өзүңүзгө сактап алыңыз. Ошентип, сиз текстти толугу менен өзүңүзгө ыңгайлуу шартта окуй аласыз, рахмат.

1
1
шоро табигый жашоо чөйрөсү катары
шоро табигый жашоо чөйрөсү катары
"Шоро" сөзүнүн бирден бир мааниси — шор. Жер кыртышынын үстүңкү катмары өтө туздуу болгондуктан, жыш чыккан өсүмдүктөр өспөй турган топурактын бир түрү. Жер астындагы суулар өзүлөрүнө жол ачуу үчүн абдан тереңдикте жайгашкан. Мындайча айтканда, бул — жылаңач, ээн талаа.

Бирок, шорлордун сейрек болсо дагы жандуу кылган нерселери бар. Ал өзүнүн чөйрөсүнүн касиеттерин түшүнүп, уулуу туздардын жогорку концентрациясында ным алууга ыңгайлашкан. Кыргызстандын суусундуктарды чыгарган эң ири компаниясы бул метафорага ирониялуу түрдө дал келет.
Жумуш фартугун оңдоп жаткандагы Айнура эженин колу.
Сүрөт: Баястан Сабыров.

Эми бүткүл өлкөнүн жана андагы ар бир шаардын экосистемасынын ажырагыс организми, жаңы гана башталып жатканда, шылдыңды жана четке кагууну жаратты. Адамдар Шангри-Ладан түндүк-батыш тараптагы үчүнчү кырка тоодогу (мүмкүнчүлүктөрдү бул жерден башка каалаган жерлерде издөө) "алтындан" өзүлөрүн жоготуп кое турчу заманда, атмосфералык басым ушунчалык бузулуп, эч нерсе өндүрүп же колдой ала турбаган маалда философияга жакын бир билдирүү келди: "Шоро — бул күч кубат".

Ээн талаа толуп калган. Аны көрүү үчүн күч керек. "Жөнөкөй" нерседе чоң баалуулукту көрүү үчүн көз жана кулакты чоң ачып, андан кийин эң кыйын бөлүгү — улантуу үчүн духту түшүрбөө керек. Бул "Шоронун", тактап айтканда Таабалды жана Жумадил Эгембердиевдердин тарыхынан алынган бир тыянак. Ишке караганда, кепте көп колдонушат.
Таабалды деген атына заты жарашкан ысым.
Таабалды — таап алды.

Көбүнчө "Табылды" деген вариант колдонулат.

Таабалды-Табылды Эгембердиев табылганды тапкан, баарынан оозуп чыгып, жаңычылдыкты колдонгон адам.
Союздун кулашы 24-жаштагы тигүүчү Айнураны Ысык-Көлдүн Чырпыктысынан динамикалуу өнүгүп келе жаткан "Шорого", башкача айтканда калдыраган, бирок алдыга умтулган өлкө сыяктуу стартапка алып келди. Биздин каарман бул жакта туура 28 жыл эмгектенди.

Бул убакыт аралыгында, эч кимге үн дебестен, Айнура эже өз каалоосу менен "Шоро" үй музейин чогулткан. Башкача айтканда, ал өзүнчө бир эстелик болуп калды:

— Баарын сактап катып койгом, кийин керек деп.
2
2
Кел, менин чатырымдын алдына
Rihanna/Jay-Z хип-хоп дуэти
"Жармаң муздак көлөкөдө турса, элдер ошого келип баштайт. Бат-баттан өтүп турат. Азыр элдердин баары умный болуп калган. Каяктан ичип, каяктан алышты... Кантип сатышты да билиш керек. Өзүң кыймылдап, өзүң жакшылап аракет жасасаң, любой жакка кетесиң. Айлыгың да көбөйөт. Отура берсең, болбойт да. Жан талашып иштейсиң.

Любой точкага барсам, бөтөлкөлөп-бөтөлкөлөп сатам. Эртең менен 30 бөтөлкө, түштөн кийин 40. Стакандары деле кете берет. Анан жалпыйып, жалжырап телефон чукулап отура берсең, элдер да кетип калат",

— Айнура эженин тили анын жашоосу сыяктуу эле кызыктуу.
— Энергия бар турбайбы сизде?
— Бизде опыт бар.
— Энергия бар турбайбы сизде?
— Бизде опыт бар.
Айнура эже бизге маек берүү үчүн эки жолу Бишкекке келди.
Сүрөт: Баястан Сабыров.
Айнура эже бизге маек берүү үчүн эки жолу Бишкекке келди.
Сүрөт: Баястан Сабыров.
Жанында ачык түстөгү, өзүнө көңүл бурдурган бир пакет бар эле. Үстүндө кызыл роза жана кызгылт роза турган. Айнура эже (даярданып турган) эскирген файлдар менен файлды — экспозициянын каталогун алып чыкты. Биринин артынан бирин, ар бирине комментарий берип, кылдаттык менен сакталган буюмдардын карточкасын сунуп жатты. Бул жерде ондогон жылдар бою өзгөртүлгөн "Шоро" чөйчөктөрү/белгилери/плакаттар/логотиптер/формалар (Айнура эже комплекттерин компаниядан сатып алган). Коллекцияда атүгүл 90-жылдардан калган бир отургуч жана 80 тыйындан куюлган максымдын айнек кружкалары.

Ошондой эле эң негизги документтер — иштеген жерлеринен өздүк сүрөттөрү. Бишкек борборунун периметринде 9 жыл: Жаңы автобекет, ГорГАИ, Ош базары, Фрунзе/Тоголок Молдо. Дордойдо 13 жыл. 5 — Аламединде.

Айнура эже музейчиликти изилдөө суроосуна чейин өнүктүргөн. Ал Шоро байкенин легендарлуу жарнамасындагы шоро ташуучу "Муравей" мотороллердин сүрөтүн таап чыккан. Андан соң кийинки муундагы шоро ташуучу кызыл "Нивалардын" сейрек үлгүлөрүн Бишкектен издеп тапкан. Ал ушинтип өткөн доорду жөнөкөй телефонунун камерасына чык эттирип алган.

Айнура эже адам-институтка айланып, чатыр ыкмасын жашого алып келүүгө чейин өзүнүн күнүмдүк жумуш чатырынын чегин кеңейтти.

"Могу Ютубту кара. "Шоро Айнура" деген бар. Бүт көргөзгөм. Ичинен музыка чыгат. Анан искрограмда [инстаграмда] ainuraisaeva11 деген да бар. Былтыр бочка, стакан-пстакандары менен баарын киргизгем ушуларга. Комментарийлерин карасаң, көп жыл ичип калган клиенттерим жазган. Мындай эч кимде жок. Даже "Шородо" жок. Мунун баарын алып келсем, таң калып атышпайбы.

Эл көрсүн. Общий көрсө, анан ии дейт да".
Айнура эженин "Искрограмы".
Дароо катталыңыздар.
Бир жыл мурун компаниянын 30 жылдыгына карата Айнура эже өзүнүн архивин санариптештирип, күтүлбөгөн жерден жетекчиликтен муздаткыч белекке алган. Аны Айнура эже үйдүн ичине кире беришине коюп койгон. Бул муздаткыч жашоосунун жылуу жана суук күндөрүн бөлүштү.
3
3
Таабалдынын артынан
Таабалдынын артынан
"Могу Эгембердиев Таабалды деген бар го. Силер тааныйсыңарбы? Жарманы чыгарган ошо. "Супарасына" барсаңар, боз үйдүн ичинде эски оймо-соймолор бар. Ошол киши кызыкчы. "Мал ээсин тартат" дейт, аны тарткан мен".

Бул чогулткандарын үй-бүлөсү, жан жолдошу менен көргөзмө илинген дубал килеми гана билишчү. Дал ушул жолдошу дарбазага 9 жолу чуркап чыгып, аялы жумуштагы жакшы көрсөткүчтөрү үчүн сыйлык тапшыруу аземинен кайтып келгенде, дубалдын жаңы жерине жаңы грамота үчүн сыймыктана жаңы мык какчу. Өз учурунда чоң акча деп эсептелген 500-1000 сом салынган конверттерди Айнура эже кышка чейин, медициналык текшерүүдөн өткөнгө чейин ашчу эмес. Логотиптери бар конверттерди тойлорго алып барганга сактап койгон. 9 конверттин 4өө ичине кошумчаны салуу үчүн колдонулган:

"Аларды тытпай, жыртпай, өрттөбөй, элдерге кошумча кошуп таратып салайын деген ой бар. "Таабалдынын артынан сыйлыгы, эмгеги" деп туруп берем. Ичимен айтам, сыртка эмес.

Конок тоскондо, карап турсам кээ бир кишилер барып грамоталарды карап, кармайт экен. Жакын барып тыңшасам "ушул мага жугуштуу болсо экен, ушундайды мен да алсам экен" деп ооздорун кыбыратат экен. Былтыр кафеден холодильник алсам, ошол жакта иштеген жаш кыздар-балдардын баары чуркап келип, менин этегимен, менин колдорумдан кармап атат. Ай, эмне болду десем, "бизге жугуштуу болсун эже, сиз чоң нерсе алдыңыз" деп жатышпайбы.

Ошондой кылыш керек экен. Бирөөдөн акча же көйнөк алсаң ичинен бат-баттан "Бисмилла, ушуну жакшылыкка алайын, жакшылыкка буйрулайын" деп ичинен тиленишиң керек экен".

— Берип койсоң, соседдериң балтак-шалтак кылып кайтарып берет да.
— Ошондой эле болот…
— Ошондой болуп жатпайбы.

Жумуштан алган дагы бир сыйлыгын, манты карсканды Айнура эже колдонот да, анан дароо "жууп туруп, кайра катып коём". Жолдошу анын символдорго маани бергенин түшүнүп турчу, тажатып идиш сурап келген кошуналарга сыпайы гана: "Жатканда, турганда, отурганда, жумушка барганда, ошол манты карсканга орустарга окшоп чокунуп турат. Балээсине калбайлы", деп койчу.
4
4
элдерди сугарып
элдерди сугарып
"Ичимде калган, Эгембердиев Таабалды жаңы башталып жатканда, могу жармасын көтөрүп чыкканда, "бит сакал, кыргыздын жармасын сатасың, бекер бербейсиңби!" деп, элдер кандай сөздөрдүн баарын айткан күндөр болгон. Ошого намыстанбай, өзүн көтөрүп турган тиги киши.

Бизди көчөдөн жармалырыбызды саттырбай, милициялар жүктөп кетет. Налогтор келип "документиңер жок" деп көтөрүп кетет. Ошолордун астында биз калабыз тебеленди. Свердловскийге барабыз бочкабызды берип койчу, деп жалдырап. Анда закон деген жок. Иттей болгон да азап-тозок менен.

Зонтик жетпейт. Столдорубуз кыйшыйып калат. Мырыйып калат. Бочкалардын крышкалары чак келбейт. Урган боюнча чууркап барып эле, 4 мык сатып келип, крышкалардын баарын өзүм эле жасап алчумун. Сумкама отвёртка, плоскогус [плоскогубцы] , бурагычтын баарын алып алам. "Тиги рабочий кранигимди ала келет эле" деп күтүп отурамбы? Тиги келгенче бул жагың жыгылып калат да".

уландысы алдыда
да оку
Аваз Момуналиев
Бул жерде байке болгон
Жибек Каракеева
Каалайм = Көрөм = Сүйөм
Улан Джапаров
Периферия жанрындагы рух
"Восток бешке отуруп калдык. Анда жашсың, эч нерсе билбейсиң да. Бир күнү крутой кишилер келип, кичине кызуураак экен, ичип бүткөндөн кийин, "ушуну да сатасыңарбы" деп кружкасын сындырып атып жатпайбы. Э, байке, ичкенден кийин жөн эле културный ичип кетсеңер болмок десем, бирөөсү келип мени жаакка чаап салып жатпайбы. Элестетип көр. Анан мен көзүмө от чачырап эле отуруп калдым. Жанымда базардагы отурган аялдар чуркап келип, милиция чакырып, тигини милиция алып калды. Эртеси (жашсың) иштеп жатсам, тиги киши келип "ии, өлбөй-житпей эле дыңылдап сатып жатасың го" деп жатпайбы.

Анан сатпаганда эмне кылам? Элдердин баарын суугарыш керек да.

Ой, көрбөгөндү көрдүк да. Ошондой болгонбуз".
5
5
характериңди оңдобо
характериңди оңдобо
"Мен өзүм кемпирдин колунда чоңойгондон кийин, кемпир кыял болуп калгам. 90-жылдары кийимдер очередь болуп калбадыбы. Анан ЦУМга келип чоң чемодан алып жатсам, кыргыздар шылдыңдаган да "сандык албай, кичинекейин эле албайсыңбы" деп.

Анда капрон кольготкилердин эки түрү бар: калың, жука. 3 сом 50 тыйын болчу. Бир пачканын ичинде 20 штук болчу. Ошо жука, калындан 40 пачка алып келип чемоданга салып койгом. Жанагы шариктер бар, 5 тыйын болчу. Андан 20 пачка алып чемоданга салып койгом. Сонун платочка — 5 тыйын. Андан дагы. Чо-оң полотенцалар — 5 сом 50 тыйын. Андан! Простой носкилер — 90 тыйын. Андан 20 пачка алып койдум.

Ушунун баарын 90-жылдан баштап 2003кө чейин кийдим. Ошол эски кольготкилер менен азыркыларды салыштырсаң, асман менен жердей. Ыдырап кетсе, лак менен минтип-минтип койсоң, ал ыдырабачы. Ошолорду кийип-кийип отуруп, акыры жоготтум. Кийин чемоданды карасам, платочка менен эле шарик калыптыр. Пресстелип, былчыйып жарабай калыптыр. Азыркы платочкага караганда тигилер хбышный.

Мисалы, мен үйгө чакаларга суу алып коём. Запасной турат. Жок калбайт. Анткени, мен жакта, Дордойдо, суу жок калат. Мен постоянно форма-фартук жууйм да.

Бир капля болсо да, өзүңө топтоп жүрсөң, өзүңө кам көрөсүң. Бул даярдык".

Жумгал байке — "Шоронун" да бир легендасы.
6
6
особый болуп
особый болуп
Аны менен жанаша дайыма дагы бир бишкектик пейзаждын катышуучулары-МАИ кызматкерлери иштечү. Азыркы кызматкерлер "биздин кызга" балмуздак алып беришет (жегенге убакыт жок). Пенсияга чыккан кызматкерлер келип, учурашышат: Эсиңиздеби, мен Восток-5 денмин?

"2000-жылдарга чейин авторитетибиз абдан күчтүү болчу. Шоро кыздарына троллейбус, автобустарда кадимкидей место бошотуп берчи. Улуусу, кичүүсү бүт сыйлап отургузчу".

Ошол эле жылдары мыкты иштегендерге Жумадил Эгембердиев Бек Борбиевдин концертине билет берген. Эстрада легендасынын кечеси. Филармонияда Шоро кыздары үчүн атайын орундуктар каралган. Ошондо Ош базарында чогуу иштешкен патруль кызматкерлери бармактарын тиштеп: "Эл катары эле жүрбөйсүңөрбү, особый болбой".

Бир гана кыргыз шаарына мүнөздүү болгон бул кайталангыс, татаал кесипте Айнура эжеден өткөн тажрыйбалуу Шоро эже жок. Эскилерди Айнура эже "карышкыр" десе кийинкилерди "кийинки наколение" [поколение, муун] деп атайт. Анын "Шоро эже" деген улуттук каймана ат менен байланышы барбы деген суроого жарым мүнөттөй ойлонуп, төмөндөгүдөй жооп берди:

— Мен реализатормун.

7
7
запчастьтарың
запчастьтарың
Запаста калган 25 литрлик бочкаларды Шоро эжелер күнүнө 3-4 жолу көтөрөт. Кээде өтүп бара жаткандар жардамга келишет. Мурун мындай бочкалар 100 литрге жетчү. Даараткананын жоктугу, жол жээгиндеги чаң, ызы-чуу менен коштолгон кара жумуш Айнура эженин ден-соолугуна таасирин тийгизбей койгон жок. Жылына 6 айдан, 28 жайкы сезон бою эртең мененки 8ден кечки саат 20га чейин, кышында коомдук тамактануу жайларында идиш жуугуч болуп эмгектенүү. Бөйрөк оорулары аны жашоосунда алгачкы тыныгуу алууга жана ден соолугуна көңүл бурууга аргасыз кылды.
"Жүрө бергем, топ-томолок болуп шишип кетсем да. Жаштык күч менен иштеп келип, 50дөн ашкандан кийин запчастьтарың бошоп баштайт экен. Шумдан кулактан кетебиз, күндөн көздөн кетебиз. Кээде укпай калсаң, кээ бири урушат "кулагың не болуп калган, кулагыңды тазалабайсыңбы" деп. Бизди машина, сигналдар жейт да.

Азыр "Шоронун" кыздары өлүп-талып иштеп жатпайбы эс албай. Эми 50дөн кийин аппараттары бузулат, ооруйсуң. Күндүн ысыгында, жамгырда, шамалда калып иштей бересиң. Анан билинбей эле кармайт. Ушул аркылуу азыр эс алып жүрөм.

Мен өзүмдү өзүм карап жатам.
Мени ким карайт?".
Маек учурунда көздөрү жашылданган — анткени "бизде опыт бар".
Сүрөт: Баястан Сабыров.
Маек учурунда көздөрү жашылданган — анткени "бизде опыт бар".
Сүрөт: Баястан Сабыров.
8
8
простоймун
простоймун
Айнура эже оорулуу кайненесин 5 жыл багып, жолдошу кийинки 6 жыл төшөккө жатып калган. Кам көрүү, дарылоо, каржылык сыяктуу бардык жоопкерчиликти жалгыз өз жонуна алып, жолдошун акырына чейин коштоп жүрдү. Мергенчилик иши менен ден-соолугунан эрте ажыраган абышкасы 2 жыл мурун дүйнөдөн кайткан. Алар чогуу 20 жыл жашашкан. Ал кечкисин тамак менен күтүп, эртең менен үтүктөлгөн фартук менен узаткан, баардык жагынан колдогон адам эле. Тигил муздаткычты кайда коюуну чогуу чече алышмак.

"Ыраазычылыгын, батасын алдым. Ашын бердим. Эстелигин койдум. Өлүп-тирилип келдим деп айтпайм. Просто баары болду да. Стрессти чыгара албаганым бөйрөккө кошту. Туугандарынан да тил уктум. Эмне болсо дагы, "Шоро" үчүн иштеп, Чолпонбайга окшоп көкүрөгүмдү тосуп, ушуларды бүтүрдүм".

Бир жылдан кийин Айнура эже ден-соолугун чындап, жайкы Шоро-сезонуна кайтып келет, үйүн оңдойт. Музей тууралуу пландары бар. Айнура эже кандай кылаарын көрүп турат: кыргыз стилинде өзүнчө бир бөлмө жасалгалоо; оң жакка фартуктарды, сол жакка грамоталарды илүү; текчелерге стакандарды тизүү.

"Былтыр Эгембердиевдин китебин берди. Ошонун 140чы анан 240-беттерин ачсаң, менин сүрөттөрүмдү чыгарыптыр. Ал китепти да тиги шкаптагы стакандарга кошом".

Шоро кыздар. Айнура эже үстүнкү катарда үчүнчүсү.
Пенсияга чейин дагы 4 жыл бар. Ал жыл "Шоронун" 35 жылдыгына туура келет. Ал убакытка чейин Айнура эженин негизги пландардында биринчи шоро-үстөлдөрүн жана шоро-челектеринин прототиптерин түзүү. Өзүнүн пландары менен бөлүшүп, ал ийинин ичине бүктөп, бүт тулку бою менен үстөлдүн үстүнөн мага ийилди. Анын үнү өзгөрүлүп, көздөрү кубанычтуу жайнай баштады. Бул жугуштуу, жугумдууу нерсе экени сезилди.

"Чекол-меколдору баары даяр менде. Могундай мойка, могундай фляг, могундай насос табышым керек. Живой, накта кылып чыгарам. Өзүмдүн айлыгыма".

Алар менен эмне кылаарын мени менен купуя сыр катары бөлүштү. Бул идеянын мотиви — Айнура эжеде сакталып калган, жаркыраган сулуулугунда экендигин гана айта алабыз.

— Бактылуумун деп айта аласызбы?
— Бактылуумун деп деле сезе албайм өзүмдү. Простоймун.

Ушуга деле шүгүрмүн. Бой көтөрбөш керек, өзүңдү таштабаш керек. Өзүңдү карап жүрө берсең, кудай жардамын берет, өзү карайт.

Аягында жакындан Айнура эженин айткан жолун жөө басып өткөн колдоруна көзүм тигилди. Бул алакандар ар кандай шартта жана жагдайда жазылган эмгек китеби, жылбаян, тажрыйба. Бир бир аялдын жана бүтүндөй өлкөнүн байлыгы. Жалпы жана жеке.

Текст 2023-жылдын сентябрь айында жазылган.

"Кадам" ким тарабынан жасалган:

Текст, верстка, концепция — Рахат Асангулова
Идея, менеджмент, продюсерлик иш — Айнура Сагын
Капкактардан куралган портрет — Дмитрий Петровский
Видео жана сүрөт — Баястан Сабыров

Долбоордун өнөктөштөрү — "Шоро" компаниясы

©"Кадам", 2024. Бишкек, Кыргызстан. Концептуалдык, тексттик, фото жана видео материалдарды, дизайн жана тариздөө элементтерин кандай гана болбосун пайдаланууга же көчүрүүгө укук ээсинин уруксаты менен гана жана булакка шилтеме берүү менен гана жол берилет: https://kadam.to/ainuraisayeva/ky