"КАДАМ" 1-ПОРТРЕТ
УЛАН ДЖАПАРОВ
ПЕРИФЕРИЯ ЖАНРЫНДАГЫ РУХ
"КАДАМ" 1-ПОРТРЕТ
УЛАН ДЖАПАРОВ
ПЕРИФЕРИЯ ЖАНРЫНДАГЫ РУХ
Бул текст котормо болуп саналат.
Манас баатыр замандашыбыз болуп кайтып келди деп элестетип көрөлү. Дал ушул жерде, дал ушул учурда. Ал кандай көрүнмөк, иш кылмак, ойлонмок эле? Обу жок суроо узатып, эпсиз жоопторду берели.
Айталы, ал — бир шаар тургуну. Шаардык каарман. Шаарды шаар кылган баатыр. Башкача айтканда, биздин Манас — архитектор. Архи — башкы, тектор — куруучу. Манасты ким кандай кабыл албасын — тырмакчада эпос катарыбы, же андан сырткары бир фигура катарыбы — анын башкы идеясы курулуш болуп саналат. Адамдардын жамааты катары дүйнөнү куруу. Бирдиктүү эл тууралуу кыялдарды долбоорлоо. Бирге чейинки бөлүктөрдүн кошулуусу — бул биримдик.
Эгер сиз бул баракты көчөдө капкак портреттин алдында туруп ачкан болсоңуз, аны өзүңүзгө сактап алыңыз. Ошентип, сиз текстти толугу менен өзүңүзгө ыңгайлуу шартта окуй аласыз, рахмат.
Эгер сиз бул баракты көчөдө капкак портреттин алдында туруп ачкан болсоңуз, аны өзүңүзгө сактап алыңыз. Ошентип, сиз текстти толугу менен өзүңүзгө ыңгайлуу шартта окуй аласыз, рахмат.
Өз калыбын табуу.
Өз калыбын табуу.
"Манастын руху" деп айтканда, бүгүнкү күндө андагы булчуңдуу келген, кыйратуучу (бул көрүнүштү эрте мезгилдеги Манастын балачагы деп атоого болот, атасы али жетиле элек дараметинен улам "татаал мүнөздү" тоого жумуш терапиясына жиберген чагын) күч эмес, а тескерисинче анын калыптанган тарабына умтулган, жогорку деңгээлдеги стратегиялык жөндөмүн ойлосок болот.

Википедия ар кыл согуштун максаты тынчтыкка жетүү деп жазат, ал эми кыргыздын башкы визионеринин биринчи осуяты биримдиктен кабар берет. Манас бизден эмнени каалап жатат? Ал эмнени курууга аракеттенди эле? Бул өзү биримдик деген эмне? Балким, бул чөйрөдүр. Кемчиликсиз, толук, үзгүлтүксүз форма. Улан Джапаровдун айтымында, эң башкы нерсе — көнгөн чөйрөдө гана эмес, кандай гана чөйрө болбосун өз ордун табуу. Өз ордуңузду табыңыз. Дал ушундай айтат.
"Манастын руху" деп айтканда, бүгүнкү күндө андагы булчуңдуу келген, кыйратуучу (бул көрүнүштү эрте мезгилдеги Манастын балачагы деп атоого болот, атасы али жетиле элек дараметинен улам "татаал мүнөздү" тоого жумуш терапиясына жиберген чагын) күч эмес, а тескерисинче анын калыптанган тарабына умтулган, жогорку деңгээлдеги стратегиялык жөндөмүн ойлосок болот.

Википедия ар кыл согуштун максаты тынчтыкка жетүү деп жазат, ал эми кыргыздын башкы визионеринин биринчи осуяты биримдиктен кабар берет. Манас бизден эмнени каалап жатат? Ал эмнени курууга аракеттенди эле? Бул өзү биримдик деген эмне? Балким, бул чөйрөдүр. Кемчиликсиз, толук, үзгүлтүксүз форма. Улан Джапаровдун айтымында, эң башкы нерсе — көнгөн чөйрөдө гана эмес, кандай гана чөйрө болбосун өз ордун табуу. Өз ордуңузду табыңыз. Дал ушундай айтат.
Сүрөт: Баястан Сабыров
Улан өзүн инсан катары жогорудагыдай сыпаттар менен салыштырылышын оңой-олтоң жактыра бербестир, бирок эгер негизи тартынчаактык сыяктуу жаман адатты таштай турган болсок, анда чыканактарга байланыштарды орнотуу оңоюраак болот. А алар дем бериши мүмкүн. Биз 90-жылдардан бери Бишкектеги ар кыл доорлордогу батирлерде кыштоо, жайлоо катары көчүп конуп келе жаткан архитектуралык "Museum студиясынын", жалпак тил менен айтканда жөн эле "студиянын", жертөлөсүндө отурабыз. Шаардын жана өлкөнүн бул эпикалык чекити — Борбордук Азиянын гана эмес, негизи эле заманбап искусствонун картасындагы зыярат кылуучу жайды дубалдар эмес, а чай куюп жаткан архитектордун аты артып келет.

Студияда чай куюп жатып эле, Улан Джапаров бардык иштерин бүткөрүп алды өңдөнөт. Мындай учурда "өз чайыңды өзүң куй" деген ураан жаңы маанисин алды окшойт. Бир жагынан, чай — бул жерде жашаган биз үчүн баарлашууга каймана маанидеги чакыруу, ал эми Улан баарлашуунун "бул формасын" иш столу катары колдонгондордун бири. Пиаланын тегерегинде диалогдун катышуучуларынын ар бири борбордон, боз үйдөгүдөй, бирдей алыстыкта. Падыша Артурга чейин эле кыргыздар "тегерек столдун" формасын табышкан экен. Биз бая күнү эле өзүбүздүн формабызды, демократияны таптык.
Улан өзүн инсан катары жогорудагыдай сыпаттар менен салыштырылышын оңой-олтоң жактыра бербестир, бирок эгер негизи тартынчаактык сыяктуу жаман адатты таштай турган болсок, анда чыканактарга байланыштарды орнотуу оңоюраак болот. А алар дем бериши мүмкүн. Биз 90-жылдардан бери Бишкектеги ар кыл доорлордогу батирлерде кыштоо, жайлоо катары көчүп конуп келе жаткан архитектуралык "Museum студиясынын", жалпак тил менен айтканда жөн эле "студиянын", жертөлөсүндө отурабыз. Шаардын жана өлкөнүн бул эпикалык чекити — Борбордук Азиянын гана эмес, негизи эле заманбап искусствонун картасындагы зыярат кылуучу жайды дубалдар эмес, а чай куюп жаткан архитектордун аты артып келет.

Студияда чай куюп жатып эле, Улан Джапаров бардык иштерин бүткөрүп алды өңдөнөт. Мындай учурда "өз чайыңды өзүң куй" деген ураан жаңы маанисин алды окшойт. Бир жагынан, чай — бул жерде жашаган биз үчүн баарлашууга каймана маанидеги чакыруу, ал эми Улан баарлашуунун "бул формасын" иш столу катары колдонгондордун бири. Пиаланын тегерегинде диалогдун катышуучуларынын ар бири борбордон, боз үйдөгүдөй, бирдей алыстыкта. Падыша Артурга чейин эле кыргыздар "тегерек столдун" формасын табышкан экен. Биз бая күнү эле өзүбүздүн формабызды, демократияны таптык.
Уландын фейсбук-баракчасындагы баш сүрөтүндө да чай.
Уландын фейсбук-баракчасындагы баш сүрөтүндө да чай.
Экинчиден, 2003-жылдан бери — мына жыйырма жылдан ашык — Улан "Первоапрельский конкурс" заманбап искусство сынагын (аны ойлоп тапкан да өзү; албетте чай үстүндө) өткөрүп келет, анда Бишкек өзүнө Борбордук Азия, КМШ (бул аббревиатура дагы эле колдонулабы?) өлкөлөрүнөн, андан ары карай Европадан бери сүрөтчүлөрдү кабыл алат. Бишкек каражатсыз эле өзүнө жана өзүнүн айланасына жердин булуң-бурчунан бери чогултуп келе жаткан очок сыяктуу.
Бул албетте кыргыздын стихиялуу өзүн-өзү уюштуруу чеберчилигинин аркасында ишке ашып келет — муну биздин коом өзүндө баамдай элек, бирок дем алгандай эле иш жүзүндө аткарып келет (пандемия, Баткен жана негизинен "мына 30 жылдан бери") жана бул, балким, ошол биринчи осуяттын аткарылышы экенин түшүнө албай келет. Дал ушул кээ бир жерлердеги кемчилик бизди башка, фундаменталдуу жерлерде артык кылат. Тышкы жакырчылык ички байлыкка, өзүн-өзү уюштуруу өзүбүздү сактап калуу фактысына айланат. Тагыраак айтканда, укмуштуу күчтөр аркылуу.
Өз чайыңды өзүң куй = Өз оюнуңду жүргүз.
Өз чайыңды өзүң куй = Өз оюнуңду жүргүз.
Улан көп кырдуу инсан: архитектор, сүрөтчү, куратор, редактор, перформер (толук тизмеси бул жерде). Ошол эле учурда, ал Бишкектин бир дагы курулуш иштерине колун тийгизген жок: "Башкача айтканда, шаарга зыян келтирген жокмун. Ошондой болуп калды, бул атайын эмес". Бардыгы бул айырмачылыкта бириккен. Курулуштарды эмес, пикирлерди курган кесипкөй архитектор. Ал чөйрө жок баштапкы таланттардын төбөсү гана бетине калкып чыгышы мүмкүн, ал эми баштын калган бөлүгүн жалгыздык тартып алган. "Өзүмө керек" деген жүйөлүү мотивден Улан туманды жана жагымсыз ыкмаларды сезип олтуруп, адамдардын чөйрөсүн тартты.

Кээде аны "Первое Апреля-байке" деп аташат, көбүнчө көркөмдүү кылып — жөн гана Байке. Байке — көрөгөч инсан. Ал — эч бир артыкчылыгы жок нерседе кереметти тааный билген, андан кийин ага жарыкка чыгууга, ал эми жарыкка аны кабыл алууга жардам берген инсан. Аны Борбордук Азия искусствосундагы негизги адам деп аташат — бул бир. Эгерде биз бул борбор азиялык искусство коомундагы негизги адам десек — бул эки. Жана бул "эки" кайрадан ойлоп табылган азыркы "коммюнити" тууралуу айкөл идея ырас ушул атчан да эмес, ат үстүндө да эмес баатыр тарабынан ишке ашырылат.
Формалдуу эмес искусствонун, коомдогу демократиялык маанайдын градусниги, андерграундтук абалы студиянын жертөлөсүндө тамгалар менен жазылган. "Бизди эч качан ИЗО музейинде илишбейт", — деп турду Улан Фейсбукта бир учурда. Бишкектин имаратында анын портретин көрсөтүү сунушу менен келүү да бир нече медитацияны талап кылды — сунушубуздан баш тартуу ыктымалдуулугун да эске алганбыз, бирок жүгүрмө саптарда гана. Мына, боз жүн көйнөкчөн Улан бизге бекем байх чайын куюп жатат. Биз ууртап коюп, угуп отурабыз. Анын сөзү асман менен жерди байланыштырат, "жогорку" стиль жогортон ылдый серпантин аркылуу жалпак тилге бурулат, сырдык сөздөрүндө ой-пикири үн катат.
Дал ушундай таризде — оозеки жана "тазаланбаган" маданиятыбыздын өпкөсү сыяктуу — Улан өз маегин улантат.

7 божомолдо.
Сүрөт: Баястан Сабыров
Сүрөт: Баястан Сабыров
1
шамал — башка
1
шамал — башка
Эстутум бар, эстеликтер бар. Сиз ар кандай калыпта кала аласыз. Мен шамалдай болгум келет. Ысык-Көлдөгү "Улан" сыяктуу эмес. А бирок Бишкектеги болуп турчу шамалдай.

Мен туулуп, 50 жылдан ашык жашаган Турусбечканын эски короосунда батыштан катуу шамал согуп жатты. Кире бериште терезелер, форточкалар тарсылдап, күркөлөрдүн ящиктери кулап жатты. Бул тынчсызданууга себеп болчудай, а мен аны өз стихиямдай сездим. Жаштык кезимде, менде кандайдыр башкалардыкындай эле бир көйгөйлөр пайда болгондо мен күн бүркөлгөн убакта, шамал башыңды жууп турган маалда басканды жакшы көрчүмүн.

Шаарыбызды элестетип жатып — айрыкча акыркы жылдары ар тарабын смог каптап — акыркысынын метафоралык мааниси жөнүндө ойлоносуң. Биз эч чыга албай жаткан боз көйгөй. Дайыма кай бир нерсе кайталанат. Кээде гана бүт шаарды аралап шамал сызып өткөндө, ошондо гана ачылат. Болгондо да бир-эки күнгө.
Чуй/Турусбеков кезилишинин элдик аталышы
2
периферия жанрында
2
периферия жанрында
Белгилей кетчү эң маанилүү учур "жөнөкөй жана сапаттуу" деген түшүнүк бизде азырынча жок жана жасалбайт, "кымбат баалуу көрүнгөндөй болсун" үчүн жасалат. "Асман" шаары, мамлекеттик резиденция, мемориалдык комплекстер, көп кабаттуу үйлөр, кеңселер, соода борборлору — сакралдык, эл көрсүн үчүн жан талашып курулган архитектуралык аракеттер. Биз дагы деле жаман уйкудан ойгоно элекпиз. Өз мүмкүнчүлүктөрүбүз менен кандайдыр бир иш-аракеттерди кыла албайбыз. Кудайга шүгүр, бизде акча, мунай жана газ жок — болбосо бул жерде баарын талкалап жок кылмакпыз. Азырынча кырдаалдар бизди чектеп, сактап жатат.

Бул жакка келишкенде, шаардын борборун, жаратылышты — "маанилүү нерселерди" көрсөтүп башташат. Ал эми азыр мен үчүн эң кызыктуусу негизги аракеттерден тышкары болуп жатат. "Архитекторлорсуз архитектура" деген түшүнүк бар. Башкача айтканда, элибиз өз алдынча акырындап бир нерселерди: самандан жана жыгачтан энергияны үнөмдөөчү экологиялык турак-жай, сүт азыктарын, "Тумар", "Ашуу", "Билимкана" сыяктуу автономдуу долбоорлорду кыбыратып жатат. Мындай нерселердин көбүндө азырынча ынанымдуу бир форма жок, бирок мен алардан бизде баары кадимкидей, татыктуу, жакшынакай боло турган прототипти көрүп турам.

Жана ашыкча шоу жок.


уландысы алдыда
да оку
Аваз Момуналиев
Бул жерде байке болгон
Жибек Каракеева
Каалайм=Көрөм=Сүйөм
Айнура Исаева
Кел, менин чатырымдын алдына
3
каттама-адам
3
каттама-адам
Адам катмар-катмарга бөлүнүп кетти: адам-электорат, адам-керектөөчү, адам-максаттуу аудитория, адам-потенциалдуу сатып алуучу. Адамдын өзү жок сыягы. Сен өзүңдү жөн гана адам катары сезип жатканда, чынында, балким, сага анчалык деле көптүн кереги жок чыгар. Жана да баарлашуу, иштөө жана эс алуу үчүн толгон токой кызматтардын да кереги жок.

Адам баары бир аралашышы керек. Сен, мисалы, кардар/ээси, жана бир нерсе кылдыруу үчүн адистерди чакыргың келет. Аларга тапшырып, кетип каласың. Алар иштемиш болуп бир нерселерди абдан эле татаалдаштырып жасап салышат. Ал эми натыйжада: бир жери кыйгач, бир жеринде оң тетири, бир жерде эч нерсеси жок.
"Архитекторлорсуз архитектура". Башкача айтканда, элибиз өз алдынча акырындап автономдуу долбоорлорду кыбыратып жатат.
"Архитекторлорсуз архитектура". Башкача айтканда, элибиз өз алдынча акырындап автономдуу долбоорлорду кыбыратып жатат.
"Кардар/аткаруучу", "сатуучу/сатып алуучу", "саясатчы/электорат" чөйрөсүнөн чыгуу үчүн байланышта болуу маанилүү. Бир тапшырманы биргеликте чечишиңиз керек болгон жагдайга туш болосуз. Иштин жүрүшүндө карап, кыймылдатып, козгоп көрөсүң. Бири-бирине ылайыкташуу.

Эки тараптан тең чыккан алгылыктуу чечимди издөө. Ошондо гана туруктуу калыпка келе баштайт. Бири экинчисиз жашай албайт.
4
уютку, же мунун баары
4
уютку, же мунун баары
Сүрөт: Баястан Сабыров
Сүрөт: Баястан Сабыров
Эстеликтер менен иштөө — ыңгайлуу. "Манас" деген бул басып жүрүп баарын кырганы жөнүндө эмес да. "Ким кимди жеңген" эпизоддорунан тышкары, анда бүт бардыгы камтылган. Билим, психология, маалымат. Кыргыздар үчүн маанилүү болгон нерселердин уюгу.

Эч нерсе менен ишиң жоктой, бирок мезгил-мезгили менен ар кыл жоруктарга туш болосуң. Кызыгы, жүз жыл мурун Убукеевдин китебин жасалгалоого туура келди. Ал көнүмүш жумуштардан эмес эле, чыныгы чакырык. Буга чейин мукабасында эмне басылып чыкканын карап чыктым: ат үстүндөгү баатырлар, туулга кийген азаматтар найзалары менен. Адаттагы наборлор. А мен деген Убукеевдин текстин окуп чыктым — анда бардыгы тереңирээк, кызыктуураак — ошентип графикалык образды таптым. Ал образ бир туруп көрүнгөнсүйт, бир туруп көрүнбөй калат. Силуэтке ишарат.

Бир убакта булардын баарын таштагым келди. Анан мен бир нече кызыктай түш көрдүм, ошондо мунун баарын бүтүргөнүм жакшы экенин түшүндүм. Сен феноменге туш болуп жатасың, бул жөн гана китеп эмес. Мунун үстүндө иштөө чындыгында эле оңой эмес.

Мен үчүн Манас конкреттүү бир адам эмес, жалпы элдик баатыр. Ал ар кыл убакта пайда болушу мүмкүн, бирок дайыма кайгылуу аяктайт. Эпосто анын аягы жаман бүткөн эмес беле? Мына ушунда жатат бардыгы. Манас — бул драма менен жашай билүү.

Азыр Манас бир эле инсан — жол башчы, президент, оппозициячы катары эмес, а кайcыл бир иштерди тигил же бул жакта тымызын жасап жаткан ошол түрдүү топ-топ адамдардай болор эле, алардын айланасында жаратылууда.

Мелис Убукеев — сценарист, кинорежиссёр
Убукеев "Манас" эпосуна терең кызыгып толук кандуу көркөм тасмага бел байлагандыгы менен белгилүү. Китеп да чыгарган. Анын дизайнын Улан аткарган.
5
каражат бергилечи
5
каражат бергилечи
Шаар, маданий феномендер менен иш алып барганда, ал жакта да стихиялар, күчтөр иштейт — муну сезиш керек. Ал эми бизде: бүгүн төө үстүндөсүң, акча деген бар, кайдагы бир үйдү куруп салышат, жанында ким бар, башкалары менен иштери да жок. Бир-эки жылдан кийин дагы бир кыйыны чыгат, туура маңдайыңа ошол эле бандураны салып салат, анан тоолордун ордуна анын короосунун артын көрө баштайсың. Акыры баары түбөлүктүү эмес, а чогуу жашоо, кызыкчылыктардын туура келиши болбой жатат.

Мүмкүнчүлүктөрдөн, бийликтен, акчадан улам текеберленип, ашаа чаап баштагандардын терс үлгүлөр жок эмес. Бирок бул эки жактуу окуя. Билесиңерби, 2000-жылдардын башында бизде Моссоветте студия болгон. Мен Москва көчөсүн аралай, бульвардан өтүп бара жатам, джип Дзержинкадан ылдый түшүп келе жатат. Адатта, биздин адамдарды коомдо катмарларга бөлүнүшүнө тукуруп салышкан: чоң, кымбат унаа сиздин жолуңуздан өтүп кетмейинче, сиз жылбай турасыз. Же тезинен тыкылдап өтүп кетиш керек. Мен да, же анысына же мунусуна жетишпей бараттым. Эмнегедир коркуп кеттим. Ал менин алдымда токтоп, мага өтүүмө сигнал берди. Мен ага кол булгалап койдум, анан кечке чейин маанайым ачык болуп жүрдүм. Рулда отурган бул адамдын колунда бар, жадакалса өзүн-өзү урматтоо сезими да бар. Бул бизде айырмалай албаган нерсе: "понты" дегенибиз (тышкысына болгон мамиле), ал эми өзүн-өзү сыйлоо (өзүнө болгон мамиле).
Мына ушунда жатат Манас. Драма менен жашай билүү.
Мына ушунда жатат Манас. Драма менен жашай билүү.
Дагы бир жагдай. Биздин алгачкы ишкерлерибиз — акылы жана дилгирлиги менен өз ишин жараткан "Ареопагдын" жигиттери — 2004-жылы "...Жана башкалар" аттуу көргөзмөнү уюштурууга жардам беришкен, ал бүткүл Борбордук Азия үчүн айрыкча бир мааниге ээ болуп калды. Ал эми кийинки жылы алар Венеция биенналесинде сенсация жараткан биринчи Борбор Азия заманбап искусство павильонуна демөөрчүлүк кылышты.

Казактар эмес, өзбектер эмес — колундагы ресурстары менен — а кыргыздар бул бирикмеге акча беришкен.
"Ареопаг Бишкек" — телекоммуникация компаниясы
Эгемендүү Кыргызстанда биринчи картофон, пейджинг жана радиобайлануу боюнча иштеп баштаган
Дүйнөдө эң белгилүү искусство иш чарасы
6
күчтүн курамы:
90% полиэстер, 10% пахта
6
күчтүн курамы:
90% полиэстер, 10% пахта
Кандайдыр бир көйгөй болгондо, алсак уюштуруучулук, жана аны чечүү керек болгондо, күч ордуна тактык келет. Аракеттерде, кыймылдарда. Концентрация керек, дал ошол сөздөрдү, конфигурацияларды табуу керек. Кебетесинде "ботаниктерге" окшогон жарандык каармандар белгилүү бир учурда башкаруу тизгинин колго алып, катаал чечимдерди кабыл алышы мүмкүн, ал эми, ошол эле кырдаалда "кыйын" жигиттердин каардуулугу алсыз, күчсүз болуп калышы мүмкүн. Жада калса байкуш да.

Бул жерде биздеги күч одоно, азыр көпчүлүгү аны күч катары колдонуп жатышат. Өжөр, физикалык, каржылык күчү катары. Айрым кызыкчылыктар кысымга алынууда. Мунун баары одонолуктан, кара мүртөздүктөн турат сыягы. Чындыгында бул гана эмес. Качан гана анын жанында шайкештик, корректүүлүк, ирония сыяктуу нерселерди тапканда, мына ушулар таң калтырат, кумарлантат.

Муну бир гана мыйзамдаштыруу керек, ага орун табуу керек.
Сүрөт: Баястан Сабыров
7
мультур
7
мультур
"Культур-мультур" сыяктуу басмырлаган түшүнүк бар го. Маанилүү орундарды депутаттар, ишкерлер, саясий технологдор ээлейт. Шарттуу түрдө "культур" деп эсептелген жай эбак эле толуп калган. Каймак-майын үлүштөп бөлүп алышкан. А бирок "мультур" дегени да бар, биз жашаган көмүскө чөйрө.

Талаада кичинекей үй турат. Жаркыраган күн эзип жатат. Үйдүн артында көлөкөнүн кичинекей тилкеси турат. Мал турат, эл кайда? Алардын баары ошол боз чөлкөмдө, көлөкөдө. Ал жерде алар же күн астында эмес, же үйдө эмес.

Бул боз чөлкөм жалпы көзөмөлдөн чыккан. Бул маразм үчүн да, жеке, жарандык, бейрасмий демилгелер үчүн да берекелүү жер болушу мүмкүн. Мен, мисалы, мамлекеттик органдар менен эч кандай иш алып баргым келбейт, мага чымындары бар адамдар кызык, кандайдыр бир "фикс" идея кызык. Алар мен үчүн биздин мазмундуу бөлүгүбүздү, начинканы түзүшөт.
Күч ордуна тактык келет.
Күч ордуна тактык келет.
Биздин маданиятта өзүн-өзү сындоо али өнүгө элек, муну менен көптөгөн көйгөйлөр катарлаш келет. Өзүбүз турган чөйрөдө (көпчүлүгү үчүн бир чоң "помойка" сыяктуу көрүнгөн жайда) акырындык менен оңолуу, орой айтканда, таштандыларды бөлүштүрүп чогултууну үйрөнүү — бул биринчи кадам.

Кык сыяктуу көрүнгөн көп нерсе ишке материал катары жарашы мүмкүн. Жийиркенчектикти бир тарапка коюп, өзүбүзгө, ичкери карайлы, ичибиздеги курамбөлүктөргө ажыратып чыгуу керек. Түшүнүү. Бир нерсеси өлүп, башка формада кайрадан тирүүлүсү керек.

Мен ушуну айтып жатам.
Сүрөт: Баястан Сабыров
А Улан буларды айтып жатат.

Улан — бул улануу жөнүндө. Манас — биригүү жөнүндө. Бири экинчисиз мүмкүн эмес. Күчкө нускама керек (майда шрифт окугула) — ошондо ал жок кылбай кура алат. Рух бизден кийин эмне болот? Бишкек Курулушпу же Бишкек Кырылышпы?

Уландын көргөзмөлөрүнүн бири дал ушунтип "Турган байпак" деп аталат.

Текст 2023-жылдын сентябрь айында жазылган.

Каарманды түшүнүү жолун көрсөткөнү үчүн сүрөтчү Антон Кармоновго рахмат.


"Кадам" ким тарабынан жасалган:

Текст, верстка, концепция — Рахат Асангулова
Идея, менеджмент, продюсерлик иш — Айнура Сагын
Капкактардан куралган портрет — Дмитрий Петровский
Видео жана сүрөт — Баястан Сабыров

Долбоордун өнөктөштөрү — "Шоро" компаниясы

©"Кадам", 2024. Бишкек, Кыргызстан. Концептуалдык, тексттик, фото жана видео материалдарды, дизайн жана тариздөө элементтерин кандай гана болбосун пайдаланууга же көчүрүүгө укук ээсинин уруксаты менен гана жана булакка шилтеме берүү менен гана жол берилет: https://kadam.to/ulanjaparov/ky