— Күмүштак өзөнү — биз азыр бара турган жер, ал дагы менин зонам. Немис досум бар, мергенчилер коомунун өкүлү. Ал экөөбүз ал жактагы аңчылыкты 10 жылга токтоттук, 40 миң гектар жер. Бир дагы аңчылык кылганга болбойт: өз алдынча дагы, спорттук максатта дагы, чет элдик туристтер үчүн аңчылык (“аңчылык олжо”) дагы кылганга болбойт. Башкача айтканда, тынчтык зонасы, “көбөйтүү участогу”. Ошого жетиштик. Бул чоң жумуш. Аркарларды көрүп калып, сүйүнөм. Таласта илбирстерди ушул жерде тарткам өзүм. Демек, кандай болбосун, бүгүнкү күндө натыйжа бар, иш жүрүп жатат.DJ Петух, Таластын таңшыган таңы. Гамалды баш кылып археологиялык экспедиция менен чогуу Күмүштак үңкүрлөрүнө баратабыз. Ал ортодо шаардын чок ортосунда Гамалдын өтмүшүнө саресеп салууга бир канча саат убактыбыз бар. Күмүштактан үлгүлөрдү алып, Асан агай бул жерде күмүш казылганын, ал эми Шелжи өзөнүндө (Киров суу сактагычынын түбүндө) күмүштү куюшканын далилдейт.
Ага чейин Гамалдын биографиясы менен географиясына токтололу. Киев, 17 жаш курак, химик-технологко окуу. Кесиби боюнча Фрунзеде күчөтүлгөн темпте карьерасын баштоо. Булгаары заводунда сменалык мастерден башкы инженерге чейинки жол. 27 жашында соц.ишкананын директорунун милдетин аткаруучу. Курулуп жаткан заводдун директору (СССРде ушундай
work-in-process позиция болгон). Беловежа чер токою, баарын жокко чыгаруу. “Жапайы бизнес, токсонунчу жылдар, ызы-чуу иштер— ага да катыштык”.
Анан эле күтүлбөгөн жерден — Жалал-Абад. Алгач Гамал ал жакка таанышынын шайлоодогу штабын жетектөө үчүн барган. Андан кийин Бакиевдер менен таанышып калат. Кызыгы, алар менен болгон байланышын Гамал четке какпастан “ооба” деп жооп бергенинде:
— Мен азыркыга чейин Ахмат Бакиев менен досмун, ал Бакиевдердин бир тууганы. Курманбек Бакиевге шайлоодо жардам бергем — ооба. Бейиши болгур Жусуп Бакиевдин штабын да жетектегем — ооба. Башка жакка караганда Жалал-Абадда ордум чоңураак, ошондой болуп калды. 2005-жылдагы июнь окуялары. Элдик кошуунду жетектедим. Өзбек, кыргыздардын ортосунда турдук балдар, команда менен. Айылдарды, махаллаларды барып коргодум чынында.Үнү дароо өктөм чыкты:
—Карачы, азыркыга чейин таасирленем! Өмүрүмдө эң жакшы батаны өзбек кемпирден алдым. Мен аны көргөн эмесмин — телефондон. Ызы-чуу болуп жатат. 13-июнь, 2010. Анан эле бир кыз чалды ыйлаган. Надира деген. Орусча сүйлөйт экен. Балким, 7-8-класс. — Гамал ака, биз “Спутниктебиз”,чоң энем экөөбүз жалгыз калдык. Ал ыйлап атат, биз коркуп атабыз. — Надира, коркпо, кызым, коркпо. Айтчы, “Спутниктин” каериндесиңер? Мен азыр барам. Тамак-ашыңар барбы? — Бар.— Суучу?— Бар.Жетип бардым. Түштүм. Камуфляж.— Балконго чыксаң, коркпо. Мен двордо турам. Күмүш түстөгү джип машинени көрдүңбү? Менмин ошол, Гамал акаң. Аскер формачанмын. Бир нерсе керекпи?— Жок, баары жакшы. — Чоң энеңе трубканы берчи. — Ал коркуп атат.—Терезеден карасынчы. Бул жерде менин балдарым болот. Эми бул жер тынчыйт. Силерге эч ким тийбейт. Ошону менен ошол болду! Бүттү! Менин колуман келгени – аларды соорото алганым болду. Коогалаң бүттү. Анан бир күнү телефонум шыңгырады: “Чоң энем сиз менен сүйлөшөм дейт”.“Мен бата берейин” деп, өзбекче айта баштады. Мен өзбекче жакшы түшүнбөйм да, бирок катуу таасирлендим. Баарын түшүнбөсөм дагы, эмне деген боорукердик, эмне деген ыраазычылык, эмне деген жылуу сөз айтылып жатканын түшүндүм. Ал дагы, мен дагы ыйладык. Угуп жатам, жашым кетип жатат! Бли-и-ин, көпкө жашым токтогон жок! Анын үстүнө, батаны өзбек туугандар абдан сыйлашат, жакшы беришет. Мен угуп гана турдум, эч сөзүн бөлгөн жокмун. Ошол бата мен үчүн чоң чекит болду. Мен ошондо бир бүтүмгө келдим: мен баарын туура кылганмын. Колуман келгендин баарын кылгам. Эки элдин ортосуна туруп, бир үй-бүлөнү барып, соороттум. Чоң эне менен небересин. Бул эсимде бир чоң нерсе болуп туру алиге чейин.Күйүп-жанып туруп — бир ай ичим өрттөндү, анан эле ушундай мурда-кийин көрбөгөн чоң энеден көңүл жибиткен жылуу сөздөрдү уктум. Ошондо ичимдеги бүкү-түкү кылган бүт нерсе жибип кетти окшойт. Ал кезде коркунуч чар тараптан каптап турган да. Ушунда-а-ай комок болуп турганда, тиги өзбек эне ээритип жиберди да! Мобунучу! (жүрөк тушун кармады) Ээрип кетти мобу жерим мында-а-ай, бүт бошону-у-уп… Батанын мааниси ошодобу дейм да. Кийинки кадамдарыма да ошол тийдиби деп айтам. Мына ушундай! “Шүгүр” деп келе жатам.